Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.03.2019 13:43

Жалал-Абаддагы улак тартышта токко урунуп, аты өлгөн улакчы кантип аман калды? (видео)

Turmush -  Жалал-Абад шаарына караштуу Төш-Кутчу жаңы конушунда улак тартыш учурунда токко урунган улакчыга медициналык жардам өз учурунда көрсөтүлгөндүктөн аман калды. Муну улак тартышка катышкандар жана дарыгерлер айтышууда. Бул улак тартышка күйөрман катары Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынын мурунку жетекчиси Жаныбек Карабаев да барган.

Ал окуянын чоо-жайын айтып жатып: «3-март күнү көк бөрү оюну өтүп жаткан. Мен дагы ал жерге күйөрман катары баргам. Оюнга катышкандар улакты тартып келе жатышканда электр зымы үзүлүп калган жерге туш келип калышты. Арасынан Мавлянкулов Кубаныч деген улакчы токко урунуп, аты ошол жерде мүрт кетти. Өзү ток тартып, шок абалга түшүп калды. Жүрөк токтоп калган учурда медициналык жардам көрсөтүлүп, жүрөгүнө массаж жасалды. Бир аз өзүнө келгенде топуракка көмдүк. Ооруканага алып бара жатканда дарыгерлерге кабар бердим. Келсек алар күтүп турушкан экен. Дароо тийиштүү медициналык көмөк көрсөтүлүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Медициналык жардам өз убагында берилгени үчүн улакчы аман калды.

Ага электр күйүгү жана баш мээси чайкалган деген диагноз коюлду. Учурда абалы жакшы, ушул апта аралыгында үйүнө чыгарылат», - деп билдирди.

Ал эми улакчы К.Мавлянкуловдун айтымында, оюндун алдында ал мамылардын абалын көрүп, кооптонгон.

«Алгач жамгыр жаап жатат деп улак тартышка баруудан баш тартып койгом. Шаар тарапта күн ачык экенин уккан соң кайра жөнөгөн элем. Жаңы конуштагы эптемей жыгач мамыларды көргөм, жанымдагыларга да айткам. Оюнга кирип кеткенде маани бербей калыптырмын. Мен каналга түшүп кеткенимди билем андан аркысы эсимде жок. Өзүмө келсем ооруканада экенмин, эч нерсени сезбей калыптырмын. Бул окуяга эч кимди күнөөлөбөйм, бирок жаңы конуштагы электр зымдарына тийиштүү тараптар маани бериши керек эле», - дейт ал.

Ал эми айылдыктар токко урунган атты учурунда 20 миң долларга сатпай койгонун айтышты.

Кубаныч Мавлянкуловдун жакындары: «мүрт кеткен ат улак тартышка түшүп жүргөн, баасы кымбат сары аттын баласы болчу. Жаңыдан улакка чабылып жаткан. Убагында 20 миң долларга сатпай койгонбуз, анын баасы мындан дагы жогору болмок», - дешти.

Буга чейин маалымдалгандай, Төш-Кутчу жаңы конушунда улак тартыш учурунда атчан бара жаткан улакчы токко урунуп, ат окуя болгон жерде жан берген. Жаңы конуш Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкармалыгына карайт. Аталган аймактын башчысы Батыр Нурумбетов жаңы конуш трансформация боло электигин, аларга улак тартыш болору боюнча эч кандай маалымат берилбегенин билдирген эле.

«Жалалабатэлектро» ААКтын басма сөз кызматы линия талапка жооп берилбесе дагы жергиликтүү тургундар өз алдынча тартып алышканын, чубалгылар алардын балансына алынбаганын билдиришкен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×