Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.03.2019 12:50

Кара-Көлдө кыз-келиндер арасындагы ачык турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Кара-Көл шаарында 9-мартта кыз-келиндер арасында ачык турнир болуп өттү. Аталган маалыматты Кара-Көл шаардык жаштар иштери жана дене тарбия бөлүмүнүн башчысы Д.Алымбаев билдирди.

Маалым болгондой, Аялдардын эл аралык майрамына карата уюштурулган спорттук иш-чарага 16 жаштан жогорку кыздар катышып, алар стол үстүндөгү теннис, шахмат жана волейбол боюнча мелдешти.

Жыйынтыгында стол үстүндөгү теннис боюнча 1-орунду К.Мамырова, шахмат боюнча 1-орунду Камбар-Ата ГЭСнин кызматкери П.Асанова ээледи. Ал эми волейбол боюнча 7 команданын ичинен Токтогул атындагы мектеп-гимназиясы биринчиликти ээледи. Жеңүүчүлөр диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Турнирди өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 20 миң сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.2% (787)
«РСК Банк»
31.29% (481)
«Капитал Банк»
6.05% (93)
...
Всего голосов: 1537
×