Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусуСузак району 11.03.2019 11:03

Сузакта ташкындап жаткан Көк-Арт дарыясынын жээги бекемделип жатат

Turmush -  Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагында Көк-Арт дарыясынын жээгин бекемдөө иштери бүгүн, 11-мартта да улантылат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-мартта Көк-Арт дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, Ынтымак айылындагы Благовещенка көпүрөсүнүн асты жагын суу жеп, коргоочу тосмолор бузула баштаган. Суу дарыянын боюндагы калктуу конуштарга, айыл чарба жерлерине, социалдык объекттерге коркунуч келтирүүдө. Андыктан Сузактын акимчилиги 4-мартта райондо өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Дарыянын жээгин бекемдөөгө ӨКМден 1 экскаватор, 4 самосвал, 1 жүктөгүч, 1 бульдозер, 1 кран жана 11 кызматкер тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында 10-март күнү дарыядагы суунун жээгин бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 6 каттам таш ташылып, тосмонун 7 метр аралыгы бекемделген. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 47 каттам таш ташылып, тосмонун 30 метр аралыгы бекемделди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.2% (787)
«РСК Банк»
31.29% (481)
«Капитал Банк»
6.05% (93)
...
Всего голосов: 1537
×