Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.03.2019 10:53 На русском

Кара-көлдүк жубайлар алтын тоюн белгилешти: З.Саитова бекем үй-бүлө куруунун эрежелери менен бөлүштү (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарында жашаган жубайлар Болот Нурбаев жана Зульфия Саитова алтын той менен бирге 70 жылдык мааракесин белгилешти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тойдун ачылышында 50 жыл бирге түтүн булаткан Болот Нурбаев менен Зульфия Саитованы маданияттын мыкты кызматкери, ырчы жана аткаруучу Айнагүл Жолдошева Майра Керим кызына таандык «Сезим» аттуу ырынын коштоосунда алып чыкты. Андан кийин неберелери бий тартуулашты. Ошондой эле той ээлери алыстагы туугандарын «жол азабынан» куткарышып, Америка, Казакстан, Россиядагы туугандарынын куттуктоолоруна түз эфир аркылуу күбө болушту.

Зульфия Саитова 1949-жылдын 8-мартында жарык дүйнөгө келген. Кесиби боюнча дарыгер болсо дагы ар тараптуу талантка ээ. Өзү алтын тойдо катышуучуларга 3 ыр тартуулады. Ал эми Болот Нурбаев кесипкөй энергетик, көп жыл бою энергетика тармагында эмгектенип, Токтогул ГЭСтер Каскадын жетектеген. Учурда аталган мекеменин кызматкерлери аны устат катары кабыл алышат.

Зульфия Саитованын айтымында, үй-бүлө куруп, 50 жыл бирге түтүн булатуу оңойго турган эмес.

«Турмушта иштеген ишиңдин, үй-бүлөңдүн, балдарыңдын, ата-эне, бир туугандарыңдын, дос жана түбөлүк жарыңдын өзүнчө орду болот. Үй-бүлө куруу оңой болгону менен аны сактап калуу кыйын. Дегеним, жашоонун ысык-суугуна күйүп, өйдө-төмөнүн көрүп, бардык кыйынчылыктарды бирге жеңсең, анын үзүрүн көрөт экенсиң. Биз жолдошум экөөбүз интернатта билим алып чоңойдук. Экөөбүз тең туугандарыбызга баш болуп, аларга бирдей камкордук кылдык.

Адам канчалык жакшылык кылса, ал сөзсүз кайтарына ишенем. Анткени биз ниетибизди таза кармап, үйүбүзгө канча адамды батырып, колдоп келдик. Өмүр бою биздин үйдөн береке кеткен жок. Экөөбүздүн турмушубузду бузууга аракет кылгандар дагы болду. Бирок биз ага туруштук берип, баарын бирге жеңдик.

Адатта үй-бүлөнү сактап калуу, очоктогу тутанган отту алоолонтуп, үйдүн кутун арттырууга аял менен бирге эркектер дагы милдеттүү болуп келет. Үй-бүлөнү сактап, балдарга жакшы тарбия берүүдө аял менен эркектин ортосундагы мамиледе гармония болмоюнча натыйжа чыкпайт», - дейт ал.

Ошондой эле З.Саитова анын ушул даражага жетишине таенесинин салымы чоң экенин айтат.

«Менин ушул даражага жетишиме таенем Бурма Сурапова себепкер болду. Ал Москвага эки жолу чакырылып, орусиялык революционер Сергей Миронович Кировдун колунан орден, медаль алып келген. Согуш мезгилинде төрайым, бригадир болуп иштеп, трактор да айдаган. Ал убакта мени жанына алып чоңойтсо деле болмок. Бирок ошол кезде мектеп интернатта билим берүүнүн сапаты мыкты болгондуктан, мени жакшы билим алсын деп Базар-Коргон районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы 8 жылдык интернатка берген. Ошондон улам мектеп интернатта билим алып чоңойдум», - деди З.Саитова.

Зулфия Саитова 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата медицина тармагындагы көп жылдык эмгеги үчүн шаардык мэрия жана шаардык кеңештин атынан ардак грамота, аялдар кеңешинин атынан «Насаатчы айым» төш белгиси менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×