Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусуАксы району 10.03.2019 21:18

Аксыда айгүл гүлү гүлдөдү (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 10-мартта Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жар айылында үйдө өстүрүлгөн айгүл гүлү гүлдөдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына гүлдүн ээси Талант Канатбек уулу маалымдады.

Анын айтымында, гүлдү апасы өстүрөт.

«Баткенде өсөт делген айгүл гүлү 9 жылдан бери үйдө өстүрүлөт. Быйыл 10-мартта гүл ачты. Бул гүлдөр абдан назик болгондуктан ага өтө аяр мамиле жасоо керек», - деди ал.

Аксы районунда өсүп жаткан гүл буга чейин 2017-жылы дагы гүлдөгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×