Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусуСузак району 09.03.2019 11:42

Жубайлар: К.Ажыматов менен Г.Ажыматова айылдаштарынын арасында 8-мартты жалпы майрамдоону салтка айландырышты (сүрөт)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Сары-Булак айылындагы жубайлар Калыбек Ажыматов менен Гүлсүн Ажыматова айылдагы айымдарга 8-март майрамын өткөрүп берүүнү салтка айландырышты. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Алардын айтымында, чогуу түтүн булатып келе жатышкандарына 35 жыл болду. Буга чейин 2 жолу жеке каражаттарынан айылдаш айымдарга майрам уюштуруп беришкен. Ал салт уланып, азыр кезекти башка көчөдөгү айылдаштары алды.

«8-март айымдардын майрамы катары белгиленип келет. Анан жубайым айылдагы аялдарга майрамдык маанай тартуулагысы келгенин айтты. Биз колдоого алып, 2 жыл катары менен жеке каражатыбыздан союш союп, дасторкон жасап, белгилеп берип жатабыз. Максатыбыз — айылдагы аялдардын башын бириктирп, ынтымактуу болууга чакыруу. Оор түйшүктөн арылбаган энелер, апаларды, эже-карындаштар 1 күн болсо да түйшүктөн арылып, маанайлары көтөрүлүп, жакшы маанайда отуруп кетишсин дедик. Анткени айылда түйшүк көп, жумуштан арылышпайт. Биз ушул саамалык уланып кетсе деп тилендик элек. Азыр айылда 20-30 түтүн биригип, жыл сайын кезектешип өткөрүп жатышат. 5 жылдан бери бул күндү майрамдоо салтка айланып калды», - деди Калыбек Ажыматов.

Жубайлар 4 баланын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×