Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусуСузак району 09.03.2019 11:23

Казандын башында турган жигиттер, акыйнек айтышкан апалар... Сары-Булактагы майрамдан фоторепортаж

Turmush -  8-мартта Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагынын Сары-Булак айылындагы аялдар үчүн өзгөчө күн болду. Анткени элеттик айымдарга арналып айылдагы Ажыматовдордун короосу жасалгаланып, майрамдык шаң тартууланды. Бул майрамга аймактык кабарчы да күбө болду.

Жашы 60тан ашкан апалардын тамашалуу акыйнеги элдин бүйүрүн кызытса, элеттин эркектери казан башында кызматта болушту.

Акыркы 5 жылдан бери Сары-Булак айылында 8-март — Аялдардын эл аралык күнү кызуу белгиленип, аялзатына сый-урмат көрсөтүлүп келет. Күнүмдүк үй түйшүгүнөн, кара жумуштан арылбаган айылдын айымдары өзгөчө чыдамсыздык менен күткөн майрамдардын сап башында десе болот. Себеби, алар бул күнү бир күн болсо да үй түйшүгүнөн арылып, сый-урматка бөлөнүшөт.

Кечээ айылдын 40 жаштан ашкан 100дөн ашуун айымдарынын башы биригип, майрамдык маанайлары жогору болду. Энелердин күлкүлөрү жаңырган саамалыкта элеттик айымдар макал-лакап айтышып, айылдын таланттуу аялдары жандуу үн менен түрдүү ырларды аткарышты. Мындан тышкары табигый азыктар даңазаланып, дасторкондоруна нан азыктары, кыргыздын улуттук даамдары коюлду. Ал эми мектеп окуучулар энелерди даңалазаган көркөм ырларды окуп, ыр-бий тартуулашты.

Саамалыкка Багыш айылдык кеңештин депутаттары Анаркүл Машаева, Калыбек Ажыматов жана башкаларда күбө болушуп, ийгиликтерди каалашты. Айылдык кеңештин депутат айымы аялдардын коомдогу орду эбегейсиз экенин айтты.

«Аялзатына кандай гана мактоо сөз айтылбасын, баары жарашат. Айымдарды айга, күнгө, гүлгө теңешет. Жакшы сөздөрдүн баарын бизге арнашат. Ооба, өлкө башчыны да, өкмөт башчыны да аялзаты силер жарык дүйнөгө алып келип, тарбия берип, эр жеткиресиңер. Баарыңар улуксуңар, сулуусуңар, өзгө-чөсүңөр. Анан да бул айылдагы айымдардын өзгөчөлүгү — табигый таза тамактарды жасоого өткөнүңөр бизди кубандырат», - деди Анаркүл Машаева.

Мындагы элеттиктер майрам өткөрүү үчүн айыл өкмөттүн же жергиликтүү капчыктуулардын кашын карабайт. Жыл сайын кезектешүү менен айылдагы 20-30 түтүн биригип, айымдардын майрамын жогорку деңгээлде өткөрүп келишет.

Сары-Булак айылында азыркы тапта 214 кожолук бар.

Ал эми Октябрь айылындагы аялдарга болсо Оруссияда иштеп жүргөн мигрант балдардын атынан сый тамак тартууланды.

Эске салсак, Багыш айыл аймагында 9 айыл бар. Жергиликтүү кеңештин 31 депутаты болсо, анын экөөсүн аялдар түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×