Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусуАксы району 05.03.2019 18:05

Аксынын Кара-Суу айыл өкмөтүндө спорт комплексттер ишке берилет (сүрөт)

Turmush -  Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүндө 4 жылдан бери ишке кирбей жаткан спорт комплексттер пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Бекназаров билдирди.

Анын айтымында, учурда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат.

«Кара-Суу айыл өкмөтүндө 1 футбол аянтчасы, волейбол ойноочу аянтча жана жабык спорт зал ишке кирүү алдында турат. Спорт залдын курулушу 2015-жылы шайлоо учурунда башталып, бирок аягына чыкпай калган болчу. Учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Ал бүткөрүлгөндөн кийин 17-март атындагы спорт комплекс деген ат менен ишке берилет», - деди айыл өкмөт башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×