Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусуСузак району 05.03.2019 17:50

Сузакта мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери спорттук мелдешке түштү (сүрөт)

Turmush -  Сузак районунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери үчүн спорттук мелдеш уюштурулду.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, мелдешке жалпы 15ке жакын эне катышты.

Райондогу «Асыл-Ай» коомунун төрайымы Жумакан Жаркулованын айтымында, спорттук мелдеш 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата уюштурулду.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери үй жумушу, бала кароо түйшүгүнөн арыла албай, майрамды дагы унутуп калышат. Эртеден кечке балдарын карап, үйдөн чыкпай отурган энелерге жагымдуу маанай тартуулоо максатында спорттук мелдеш уюштурдук. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылды», - дейт Ж.Жаркулова.

Сузак району боюнча 3 миңге жакын мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.2% (787)
«РСК Банк»
31.29% (481)
«Капитал Банк»
6.05% (93)
...
Всего голосов: 1537
×