Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусуСузак району 04.03.2019 17:49 Жаңыланды: 04.03.2019 19:08 На русском

Жалал-Абаддагы улак тартышта атчан улакчы токко урунду. Окуя болгон жерден видео

Turmush -  Жалал-Абад шаарына караган Төш-Кутчу конушунда улак тартыш учурунда атчан бара жаткан улакчы токко урунуп, ат окуя болгон жерде жан берди.

Умар аттуу улакчы билдиргендей, окуя 3-март күнү түшкө жуук болгон. Улакчы аты менен бара жатып, электр мамысын сүзгөндөн кийин токко урунган. Жабыркаган жигитти алгач жерге көмүүгө аракет кылышып, кийин ооруканага жеткиришкен.

Ал эми Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын башчысы Кумарбек Ботокараев токко урунган жаран ооруканага түшкөнүн тастыктап, анын абалы жакшы экенин билдирди.

«Облустук ооруканага Сузак районунун Ак-Тоок айылынын 1978-жылы туулган М.К. аттуу тургуну 3-мартта түштү. Учурда анын абалы жакшы. Дарыгерлердин көзөмөлүндө», - деди башкы дарыгер.

Төш-Кутчу конушу Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкармалыгына карайт. Аймактык башкармалыктын башчысы Батыр Нурумбетовдун айтымында, аларга улак тартыш боюнча эч кандай маалымат беришкен эмес.

«Окуя 3-мартта Төш-Кутчу айылында болгон. Негизинен Сузак районуна караштуу Таш-Булак айылынын жашоочулары улак тартыш өткөрүшүп, оюн өздөрүнүн аймагында болгон. Оюн учурунда аттар сүрүлүп отуруп, биздин аймакка киришиптир», - деп билдирди ал.

Маалым болгондой, жаңы конуш трансформациялана элек. «Жалал-Абад электр» ААКтын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, талапка жооп бербеген электр зымдарын эл өз алдынча эле тартып алышкан.

«Төш-Кутчу Жалал-Абад шаарына карайт, ал жерде жаңы конуш бар. Ал жерде абоненттер өздөрү талапка жооп бербеген жагдайда жыгач мамыларды орнотуп алышкан. Биз куруп берген эмеспиз, стандартка жооп бербейт. Бизге караштуу эмес. Окуя болгон жерге биздин кызматкерлер да барып келишти», - деп билдирди басма сөз кызматы.

Учурда Төш-Кутчу жаңы конушундагы 320 кожолукта 1650 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.99% (779)
«РСК Банк»
28.71% (422)
«Капитал Банк»
6.33% (93)
...
Всего голосов: 1470
×