Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусуНоокен району 04.03.2019 16:44

Дыйкандардын мээнети акталбай, алган насыяны төлөө үчүн Орусияга кетип жатышат, - ноокендик И.Атамкулов (сүрөт)

Turmush -  Ноокен районунун Ношкен айылынын 53 жаштагы тургуну, дыйкан Искендер Атамкулов күнөсканада болгар калемпирин өстүрүп, аны талаага эгүү алдында турат. Дыйкан менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, талаа иштерине декабрь айында эле даярданып баштаган.

«Бала кезимден бери айылда жашайм. Ата-энем дыйканчылык менен алектенчү, мен дагы алардын жолун жолдодум. Талаадагы үлүш жерге малга тоют катары беде, сатыкка чыгаруу үчүн помидор, бадыраң жана болгар калемпирин эгебиз. 20-декабрда күнөсканага болгар калемпиринин уругун эксем, ал 60 күндө эле өсүп чыкты. Өткөн жылы 40 сотых жерге эккем, быйыл 60 сотыхка чейин кеңейтүүнү пландап жатам. Эми 10 күндөн кийин күнөсканада өскөн болгар калемпирин талаага эгем», - дейт ал.

Ал акыркы жылдары дыйкандардын мээнети акталбай, банктан алган насыяларды төлөө үчүн Орусияга иштегени кеткендердин катары калыңдап жатат деген пикирде.

«Өткөн жылы жаз айларында дыйканчылык кылуу үчүн насыя алып, күзгө жетпейт чыгымга учурадым. Ошол учурда коңшу Өзбекстандын жашылча-жемиштери чыгып, биздин мээнет текке кетти. Талаада эгиндерибиз бышып жетилип калган, бирок кардар жок болду. Аргабыз кетип, түшүмдү Ош—Бишкек унаа жолуна көтөрүп чыгып, килограммын 5 сомдон араң сатып жаттык. Алган насыяны жабуу үчүн Орусияга иштегени барып келдик. Ошентип биринчи насыядан кутулдук. Быйыл дагы 210 миң сом насыя алып, талаа иштерин баштадык. Айылда эл ушинтип, дыйканчылык менен эле жан багат. Эгер Айыл чарба министрлиги туруктуу бааны кармап берсе, дыйкандардын мээнети акталат эле», - дейт Искендер Атамкулов.

Ношкен айылында 5 миңдей калк жашайт. Айыл эли дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×