Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 02.03.2019 21:49

«Азия балдары» эл аралык оюндарында алтын медаль багындырган жаш мушкер И.Матмусаевдин жеңиштери (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абада облусунун Майлуу-Суу шаарынын тургуну Ильгиз Матмусаев «Азия балдары» эл аралык оюндарында спорттун бокс түрү боюнча Кыргызстандын атынан катышып, алтын медаль багындырган. Жаш мушкер менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 8 жашынан бери бокс менен машыгат.

«Кичинекейимден баштап спорттун бокс түрүнө кызыгып, машыгып келем. Бул спортко болгон кызыгуумду атам арттырды. Анткени кичинекей кезимде үйгө кол каптарды алып келип, мени машыктырчу. Анан 8 жашымдан баштап шаардагы спорт залдардын бирине барып, ал жерде машыгып, 12 жашымдан баштап мелдештерге катыша баштадым. Ошентип чет элдик турнирлерге дагы катышууга мүмкүнчүлүк жаралды. Көпчүлүк учурда спортчулар чет жакка чыкканда каражат жагынан аксашат, бирок атам мени бала кезимден баштап машыктырганы үчүн дайыма колдоп, кайдан болбосун каражат таап берет. Ушул күнгө чейин Өзбекстан, Таиланд, Казакстан, Россия, Якутия жана Азербайжанда өткөн беттештерге катышып, ийгилик жаратып келдим. Мен жеңишке жетсем атам кошо сүйүнүп, жеңилип калсам көңүлүмдү көтөрүп, колунан келишинче жардам берип келет», - дейт ал.

Жаш мушкер эми олимпиадалык оюндарга катышууга аракет кылып жатканын айтат.

«Буга чейин Майлуу-Суу шаарында машыкчумун, мектепти бүткөдөн кийин Бишкек шаарындагы ЖОЖго тапшырып, борбор калаада машыгуумду улантып жатам. Ар бир беттешке барып, ал жерде ийгилик жаратуунун артында чоң мээнет жатат. Учурда окуум менен спортту бирдей алып бара жатам. Өткөн жылдын аягында Бишкек шаарында чемпионат болгон, ал жерден экинчи орунду багындырып, Кыргызстандын биринчилигине катышууга мүмкүнчүлүк алып, бирок тилекке каршы утулуп калдым. Ушул жылдан тарта чоңдор арасындагы бокс боюнча мелдешке катышып, оюн көрсөтүп жатам.

2018-жылы «Азия балдары» эл аралык оюндарына Кыргызстандын атынан катышып, алтын медалга ээ болдум. Бул мелдеш 4 жыл сайын өткөрүлүп келет экен. Кыргызстан 1996-жылдан тарта бир дагы алтын медаль багындырбаптыр. Менин жеңишим бир гана өзүмө эмес, өлкө үчүн дагы болду. Алдыда дагы талбай машыгып, олимпиада оюндарына катышып, ата-энемдин ишеничин актагым келет», - дейт ал.

Ильгиз учурда Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 2-курста окуйт. Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.2% (787)
«РСК Банк»
31.29% (481)
«Капитал Банк»
6.05% (93)
...
Всего голосов: 1537
×