Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 03.01.2019 08:10 Жаңыланды: 01.03.2019 08:10

«Туздалган бадыраңды уурдап кеттиң»: Жалал-Абаддын тургуну аялы менен уруша кеткен карындашын сабап салды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук соту карындашын сабаган жергиликтүү тургундун ишин карап чыгып, чечим чыгарды.

Айыпталуучу — Тогуз-Торо районунда туулган Максат (О.у.М, аты өзгөртүлдү), үй-бүлөлүү, орто билимдүү, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (бейбаштык) менен айып тагылган.

Соттук териштирүүдө белгилүү болгондой, 2018-жылдын 10-сентябрында саат 13:00 чамасында атасы менен бирге жашаган айыпталуучу Максаттын үйүнө учурашууга карындашы Анара (О.А., аты өзгөртүлдү) барган. Ошол күнү карындашы менен анын аялы Зарина (Ж.З., аты өзгөртүлдү) экөө «эки банка туздалган бадыраңды уурдап кеттиң» деп уруша кетишкен. Бул убакта эшикте сарай оңдоп жүргөн Максат колунда көтөрүп жүргөн узун таяк менен үйгө кирип, карындашы Анарага: «Сен эмне үчүн үйгө келип алып кыйын болуп, уруш чыгарып жатасың?» деп жон тарабына үч-төрт жолу чаап, бөйрөк тарабына эки жолу тээп, жаагына бир жолу чаап жиберген.

Айыпталуучу соттук отурумда угузулган айыбын толугу менен мойнуна алып, 2018-жылдын 10-сентябрында өзү жашаган үйдө жыйылган чөптүн айланасын тосуп, келинчеги кир жууп жаткандыгын айткан. Саат 12:00 чамасында карындашы Анара балдары менен учурашканы үйүнө барган. Келинчеги тамак бышырып, тамактанышкандан кийин аялы менен карындашы эки банка туздалган бадыраңдын айынан уруша кетишет. Аялы буга чейин туздап жапкан бадыраңдын 2 банкасы кемип калгандыгын айтып, аны Анарадан «алып кеткен эмес белең?» деп сураган. Ошондо Анара: «мен силердин үйүңөрдөн эч нерсе алып кеткен эмесмин» деп жооп берип, жеңеси менен уруша кеткен. Алардын урушун уккан Максат эшиктен кирип, колундагы таягы менен карындашынын жон тарабына чаап жиберген. Ошондой эле соттолуучу кылган ишине өкүнүп, карындашынан кечирим сурап, экөө элдешкенин айтып, кылмыш ишин кыскартууну өтүнгөн.

Жабырлануучу Анаранын айтымында, ал агасы Максаттын үйүнө балдары менен учурашканы барган. Тамактанып столдун үстүндө отурганда жеңесинен «жоготкон 2 банка бадыраңды таптыңызбы?» деп сураганда ал: «жок, ошол бойдон таппай калдык» деп жооп берген. Ошондо Анара: «сиз мени алып кетип калды деп айткан турбайсызбы, мен алган эмесмин» деген. Жеңеси «мага банка жуулганда эле чыгып калат, силер алып кетпесеңер, башка ким алып кетмек эле» деп ортодо көп сөз чыгып, экөө урушуп кетишет. Бул убакта эшикте жүргөн агасы таяк менен кирип барып, «сен эмне үйгө келип алып кыйын болуп жатасың» деп аны сабап салган. Таяк жеген Анара унчукпай отуруп, андан кийин райондук милицияга арыз жазып кайрылган.

Соттук отурумда жабырлануучу агасы Максатты кечиргендигин, ага карата жеке айыптоодон баш тартканын айтып, тосмо арыз жазып, аны кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп берүүнү суранган.

Райондук сот жабырлануучу менен соттолуучу бири-бирин кечирип элдешкенин эске алып, Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин (жабырлануучу менен соттолуучунун ортосунда макулдашууга жетишилгенде кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу) негизинде соттолуучуну кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп, жазык ишин кыскартты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×