Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусуЧаткал району 28.02.2019 15:54 На русском

Чаткалдагы 10 тонна алтыны бар кенди Бишкектеги 2 бөлмөлүү батирдин баасына баалап жатышат, - депутат

Turmush -  Чаткал районунда кен байлыктарды чалгындоо иштерин жүргүзүү укугун берүүдө жана аларды иштетүү үчүн уюштурулган аукциондордо ар кандай коррупциялык схемалар орун алгандыгын жана 10 тонна алтындын запасы бар деген жерлер Бишкек шаарында сатылып жаткан 2 бөлмөлүү батирдин баасына бааланып жаткандыгын бүгүн, 28-февралда депутат Аида Касымалиева (КСДП) Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жогоруда аталган фактыларга тиешелүү документтер анын колуна келип түшкөн.

«2017-жылдын 10-апрелинде болжолдуу 20 тонна 41 кг алтын запасы бар делген Турпактүштү кенинде аукцион өткөрүлүп, аны иштетүү укугун "Асман Таш" компаниясы 200 000 долларга утуп алган. Ошол эле жылдын 3-мартында болжолдуу 10 тонна уюма алтын запасы бар Чаарташ кени болгону 71 000 долларга «Алтын Жун» компаниясына берилген. Уюма алтын кендер дүйнөлүк практикада өтө кымбат бааланары белгилүү. Бизде 10 тонна запасы бар деген жер Бишкектеги 2 бөлмөлүү батирдин баасына бааланып жатат. Салыштырмалуу түрдө айтсак, Чаткал районундагы 500 кг алтын запасы бар Коргон-Төбө кенин 2013-жылы 12-ноябрда 513 миң долларга «Чаткал Голд» компаниясы аукциондон утуп алган. Бул эмнеден кабар берет? Же ошол учурда коррупциялык схемалар жок болгон, же… Эмне үчүн баалар төмөндөп жатат?», - деди депутат.

Ал жергиликтүү эл премьер-министрдин келишин талап кылып жатышканын айтып, Чаткалдагы кен иштетүү ишмердүүлүгүн текшере турган органдар өз ара биригип алышып, мафияга айланганын кошумчалады.

«Текшерүүлөргө депутаттар дагы катышсын. Ведомстволор аралык комиссия түзүш керек», - деди А.Касымалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.2% (787)
«РСК Банк»
31.29% (481)
«Капитал Банк»
6.05% (93)
...
Всего голосов: 1537
×