Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусуНоокен району 27.02.2019 19:29 На русском

Ноокенде жардан кулап каза болгон окуучунун өлүмү боюнча милициянын билдирүүсү

Turmush -  Ноокен районунун Шайдан айыл аймагында жардан кулап кетип каза болгон окуучу баланын өлүмү боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат таратты.

2019-жылдын 24-февраль күнү саат 20:20 чамасында Ноокен районунун аймактык ооруканасынын тез жардам кызматы тарабынан Ноокен РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Масы айылында жайгашкан Сай-Мала тилкесинде болжол менен 15-20 жаштагы эркек баланын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлүп, айтылган жерден окуучунун жансыз денеси табылып, ал аймактык оорукананын өлүкканасына жеткирилген.

Каза болгон жигиттин өздүгү аныкталып, ал Шайдан айыл аймагынын Дамаш айылынын 2003-жылы туулган тургуну Д.Н. экени такталды. Жансыз денеге кароо жүргүзгөн учурда оң буту сынганы аныкталган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Буга чейин 23-февралда Ноокен районунун Шайдан айыл аймагында 9-класстын окуучусу 18-20 метрлик жардан кулап кетип мерт болгонун Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүүлөр билдирген.

Маалыматка караганда, 9-класстын окуучулары ошол күнү түнкү саат 22:00 чамасында үйлөрүн көздөй бара жатышып, өздөрүнөн улуу балдар менен тартыша кетишкен. Окуучу балдар ар тарапты көздөй качканда маркум Д.Н. сай тараптагы жарды көздөй качкан. Ал качып бара жатып болжол менен 18-20 метр бийиктиктеги жардан кулап түшкөн. Бирге бара жаткан классташтары ар тарапка качкандыктан ар кимиси өз үйлөрүнө кетип калышкан. Жардан кулаган окуучу ошол жерде жан берген. Кырсык Сай-Малаа участкасында Тоскоол сайдын боюнда болгон.

Аталган маалыматты жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да ырастаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.99% (779)
«РСК Банк»
28.71% (422)
«Капитал Банк»
6.33% (93)
...
Всего голосов: 1470
×