Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусуНоокен району 26.02.2019 19:31 На русском

Ноокенде башкалардан качып бара жаткан окуучу 20 метрлик жардан кулап кетип мерт болду

Turmush -  23-февралда Ноокен районунун Шайдан айыл аймагында 9-класстын окуучусу 18-20 метрлик жардан кулап кетип мерт болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүүлөр билдирди.

Маалыматка караганда, 9-класстын окуучулары ошол күнү түнкү саат 22:00 чамасында үйлөрүн көздөй бара жатышып, өздөрүнөн улуу балдар менен тартыша кетишкен. Окуучу балдар ар тарапты көздөй качканда маркум Д.Н. сай тараптагы жарды көздөй качкан. Ал качып бара жатып болжол менен 18-20 метр бийиктиктеги жардан кулап түшкөн. Бирге бара жаткан классташтары ар тарапка качкандыктан ар кимиси өз үйлөрүнө кетип калышкан. Жардан кулаган окуучу ошол жерде жан берген. Кырсык Сай-Малаа участкасында Тоскоол сайдын боюнда болгон.

Аталган маалыматты жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да ырастады.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы аталган окуя боюнча териштирүү иши жүрүп жатканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.99% (779)
«РСК Банк»
28.71% (422)
«Капитал Банк»
6.33% (93)
...
Всего голосов: 1470
×