Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Жалал-Абад облусуТоктогул району 26.02.2019 08:21

Токтогулдагы посттон 2,5 кг баңгизат ташып бара жаткан адам кармалды (сүрөт)

Turmush -  22-февралда Токтогул районунан 2,5 кг салмактагы гашишти алып кетип бара адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери Бишкек—Ош унаа жолунда иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Анын алкагында «Чычкан» стационардык постунан «Тойота» үлгүсүндөгү унааны текшеришкен. Унааны Жалал-Абад облусунун 40 жаштагы тургуну М.О. башкарып бара жаткан. Анын ичинен 2 кг 460 гр салмактагы гашиш баңгизаты табылган.

Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишке тиешеси барларды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×