Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусуАксы району 12.03.2019 21:33

Элдик уламыш: Дартка даба болгон Котур-Булактын жаралуу тарыхы (видео, сүрөт)

Turmush -  Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүнүн Мукур айылында жер түбүнөн оргуп чыккан Котур-Булак аттуу булак бар. Анын жаралуу тарыхын 85 жаштагы Абдураим Сапаров аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, буга чейин булактын айланасы ээн болгон.

«Учурда булактын суусун дарылыкка пайдаланып келебиз. Мисалы, адамдын денесине ар кандай жаралар чыгып, аллергия болсо бул суу менен жууп койсо айыгып кетет. Ошондуктан Котур-Булак деп аталган. Булакка зыярат кылып көп адамдар келет. Зыярат кылып келген адамдарын көбү куран окушуп, суудан алып кетишет. 12 жыл мурун булакты көзөмөлдөөнү уулума өткөрүп бергем, учурда ал карап жатат. Бул булактын суусуна коңшу Өзбекстандан да зыяратчылар келип, суудан алып кетишет. Дарыгерлер дагы: «чынында булактын касиети бар экен» деп айтышкан», - дейт Абдураим Сапаров.

Анын айтымында, Котур-Булактын өзүнүн касиети бар.

«Союз мезгилинде көп адамдар намаз окушчу эмес. Котур-Булак жолдун жээгинде жайгашкандыктан адамдар салкын жерге отуруп, сырадан ичип, булактын айланасы булгана баштаганда булактын ээси пайда болуп, ал кээ бир адамдарга көрүнүп баштаган. Ошондон улам булактын айланасын тазалап, тегерегин калкалап, жанына дарактарды тигип койгонбуз. Ошондон кийин булактан оргуштап суу чыгып, айыл калкын жана коңшу айылдарды таза суу менен камсыздап келет», - дейт ал.

Ал эми айылдын дагы бир тургуну Сүйүт Эргешовдун айтымында, убагында айылдыктар булактан суу алгандан кооптонуп келишсе, эми үйлөрүнүн ичине чейин таза суу киргизип алышкан.

«Биз бала кезде аталарыбыз булактын ээси бар деп көп айтышчу. Чындыгында эле кеч киргенде адамдар жолдон өткөндөн кооптонушчу. Аталарыбыздын айтышына караганда, мурда бул жерде үч булак болгон экен. Ортосунда котур булак, ал эми эки четинде кызганчаак булак болуптур. Эгер адамдар Котур-Булактан көбүрөөк суу ичип коюшса, эки четиндеги булактан 2-3 күндөп суу такыр чыкчу эмес экен. Мындан улам эки четиндеги булактар кызганчаак булактар деп аталып калыптыр.

Ал эми акыркы жылдары төмөнкү айылдагылар демилге көтөрүп, 200гө жакын үй-бүлө булактан чыккан сууну түтүктөрдүн жардамы менен үйлөрүнө тартып барышкан», - дейт С.Эргешов.

Мукур айылында 500дөй түтүн, 1200дөн ашуун калк жашайт, алар таза сууну Котур-Булактан ташып ичишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.99% (779)
«РСК Банк»
28.71% (422)
«Капитал Банк»
6.33% (93)
...
Всего голосов: 1470
×