Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 25.02.2019 09:39

Ала-Букада жоокерлер үчүн «Апамдын наны» акциясы өткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Ала-Бука районунда жоокерлер үчүн «Апамдын наны» акциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, акцияга 91 эне катышып, алар жалпы 12 миң сом топтошкон. Ал каражатка нан азыктарын, мөмө-жемиштерди жана башка керектүү буюмдарды алышып, Көк-Серек айыл өкмөтүндө жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан жоокерлерге тапшырышты.

«Мекен сакчыларына райондогу ак элечек апалардан куралган «Эне айым» тобу концерттик программа тартуулашты. Мындан сырткары, өз кызматын мыкты өтөгөн аскерлер айыл өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланышты», - деди акимдин социалдык маселелер боюнча орун басары Калчабү Үсөнбаева.

Ушундай эле иш-чара Көк-Таш айыл аймагында дагы өткөрүлдү. «Апамдын наны» акциясы райондо жыл сайын Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата уюштурулуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×