Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 24.02.2019 12:33 На русском

Базар-Коргон айыл өкмөтү шаар макамын алабы?

Turmush -  Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл өкмөтүндө 22-февраль күнү 7-чакырылыштагы депутаттардын кезексиз 24-сессиясы болуп өттү. Күн тартибине негизги 2 маселе коюлганын айылдык кеңештин төрагасы Тынарбек Нуркамилов кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Базар-Коргон айыл өкмөтүнө шаар макамын алуу демилгесин район акими Айбек Бегимкулов алып чыккан.

«Буга чейин шаар макамын алуу пландалып келген. Негизинен калктын саны жетиштүү. Сессиянын күн тартибине негизги 2 маселе коюлган. Алар — Базар-Коргон айыл өкмөтүнө шаар макамын алуу тууралуу жана айыл аймактын негизги жолдоруна асфальт төшөө, альтернативдүү жолдорду ачуу жөнүндө.

Шаар макамы тууралуу сунушту жалпы депутаттар бир добуштан колдоп беришти. Эми тиешелүү документтер чогултулат. Ошондой эле райондун аймагындагы 4 чакырым жолго, райондун борборундагы Д.Сайдуллаев көчөсүнө асфальт төшөлөт. Борбордук базардагы унаа тыгындарын жоюу максатында борбордук көчөлөргө жаңы автоунаа жолдорун ачуу да пландалды», - деди Т.Нуркамилов.

Төрага: «Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджети бекитилди. Жергиликтүү бюджеттин бир жылдык жалпы көлөмү 60 млн сомдон ашты», - деп кошумчалады.

Базар-Коргон айыл өкмөтүндөгү 9 миңге жакын кожолукта 42 миңге жакын калк жашайт. Жалпы 10 мектеп, 12 бала бакча бар.

Буга чейин Ош облусундагы Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн жергиликтүү депутаттары да айыл өкмөткө шаар макамын алуу үчүн 3 жыл мурун демилге көтөрүп чыгышканы айтылган. Учурда документтер даярдалып жатканын айыл өкмөттүн башчысы Алтынбек Ташиев билдирди.
Расмий маалымат боюнча, учурда айыл өкмөттүн калкынын саны 23 миң адамга жетет. Ал эми расмий эмес маалыматтарда 24 миң адам бар экени айтылат. Айыл өкмөттө «Куршаб» базары, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, аймактык оорукана, 7 мектеп, 5 бала бакча жайгашкан. Учурда айыл өкмөттүн курамына 5 айыл кирет.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×