Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 22.02.2019 09:46 Жаңыланды: 22.02.2019 17:51

Ала-Буканын тургуну аялынын өлүмүнө дарыгерди айыптоодо. Ооруканада ким иштен алынды? (сүрөт)

Turmush -  Ала-Бука районунун Өрүктү-Сай айылынын 72 жаштагы тургуну Мейманкул Жумагулов медицина кызматкерлеринин кайдыгерлигинен улам жубайы каза болгонун айтып, дарыгерлерди айыптоодо.

Мейманкул Жумагулов Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, 2018-жылдын 30-ноябрында жубайынын кан басымы көтөрүлүп, тез жардам чакырган.

«30-ноябрда түнкү саат 02:00дор чамасында 2 жашка чыга элек неберем улам ыйлай бергендиктен тез жардам кызматын чакырганбыз. Алар келип, неберемди текшерип, кайра кетип бара жатышканда аялым Жумагулова Майрамбү эс-учун жоготуп жыгылып калды. Аны текшеришсе, кан басымы көтөрүлүп кетиптир. Үйгө келген фельдшер дары берип, кан басымы өзү түшүп калат деп кетип калды. Мен аялымдын абалынан кооптонуп, «унааңар менен ооруканага алып кете берели» десем, алар макул болбой, «кан басымынын өлчөмү бир аздан кийин түшөт» деп кетип калышты. Саат 03:00 чамасында дагы кан басымы 200гө чейин көтөрүлүп, сүйлөй албай калды. Кайрадан тез жардам кызматына чалсак, алар: «биз бир барган жерге экинчи жолу барбайбыз, эртең менен алып келгиле» деп жооп беришип, келишкен жок.

Айлабыз кетип, айылдагы дарыгерди чакырып, ал дары берип, укол сайды. Эртеси 1-декабрда саат 06:00да кайра тез жардам чакырдык. Алар аялымды көрүп, шашкан бойдон ооруканага алып барып, кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырышты. Байбичем 10 күн ооруканада жатып, көзү өтүп кетти. Ал 62 жашта эле. Эгер ак халатчандар убагында кайдыгерлик кылбаганда байбичем өлбөйт болчу», - дейт М.Жумагулов.

Ал эми Ала-Бука райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Рахат Баймуратова бул окуя боюнча комментарий берип жатып, тиешелүү кызматкер жумушунан бошотулганын билдирди.

«Бул окуя боюнча кызматкерлер арасында өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, протоколдор түзүлүп, фельдшер Дилшат Ташболотов жумуштан бошотулду. Учурда жабырлануучулар менен сүйлөштүк, алар доосу жок экенин айтышты. Ошол күнү нөөмөттө турган фельдшер жумуштан алынды», - деди Р.Баймуратова.

Өрүктү-Сай айылы райондун борборунан 7 чакырым алыс аралыкта жайгашкан, айылда медициналык пунк жок болгондуктан айыл эли райондук биргелешкен ооруканага кайрылышат. Ала-Бука райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун тез жардам кызматында 4 бригада 108 миңге жакын калкка кызмат көрсөтүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×