Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуСузак району 21.02.2019 15:16 На русском

Аймактарга берилген насыя эки эсе көбөйүп, 3 млрд сомго жетти, - президент

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбековдун аймактарга болгон иш сапары уланып, бүгүн, 21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен жолугушту. Анын алкагында 2018-жылы экономиканы каржылоо иши жакшырып, «РСК Банк», «Айыл Банк» жана «Кыргыз-Орус өнүгүү» фонду тарабынан, Кепилдик фонддун колдоосу менен жалпысынан 25 млрд сомдон ашык насыя берилгени айтылды, деп маалымдайт басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысы белгилегендей, региондордо жаӊы ишканаларды көбөйтүү максатында «Кыргыз-Орус өнүгүү» фонду түз каржылоонун чегин 1 млн доллардан 200 миң долларга чейин төмөндөттү. Бул каражаттардын ичинен 50 пайыздан ашыгы кайра иштетүү тармагына жана агроөнөржай комплексине берилди.

Президент «РСК Банк» тарабынан региондорго берилген насыянын өлчөмү 852 млн сомго, же 11 пайызга көбөйүп, насыянын 71 пайызы аймактарга бөлүнгөнүн белгиледи. Ошондой эле айыл чарба тармагын каржылоо иштери жакшырып, «Айыл Банк» тарабынан өткөн жылы 13,2 млрд сом, мурдагы жылга караганда 2,5 млрд сомго көп насыя берилгенин, насыянын саны 5 миңге жакын өскөнүн айтты.

«Мен премьер-министр болуп турганда Кепилдик фондун түзгөнбүз. Эмне үчүн региондор өнүкпөй келген? Анткени насыялар келбей, бюджеттик кредиттик саясат аларга жетпей келген. Ишкерлерде насыя алыш үчүн күрөөгө коё турган мүлкү жок. Мына эми бул маселеге көңүл бурулуп, Мамлекеттик кепилдик фонду аларга көмөк көрсөтүүдө. Фонд тарабынан берилген каражат 3 эсеге көбөйүп, 755 млн сомго 656 долбоорго кепилдик берилди. Кепилдик фонд менен өнөктөш банктар аймактарда насыяларды берүүнү эки эсе көбөйтүп, жалпы суммасы 3 млрд сомго жакын насыя беришти. Бул дагы көбөйөт, регионго, айрыкча кайра иштетүү продукциясына каражаттарды бурабыз», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн финансылык негиздери чыңдалды, региондорду өнүктүрүү үчүн республикалык бюджетте өзүнчө берене менен 2 млрд сом каралды. Бул каражаттар биринчи кезекте экспортко чыккан багыттарды колдоого жумшалат, максаттуу кетет. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ордуңарда отура бербей, кыймылдагыла, каражаттарды тартканды үйрөнгүлө, бизнести өнүктүргүлө, ага жардам бергиле, кысымга албагыла», - деди президент.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×