Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 21.02.2019 09:59

Майлуу-Сууда 10-класстын окуучусу Камила Абдубаитова 3 күндөн бери изделүүдө (сүрөт)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында 16 жаштагы Камила Абдубаитова 3 күндөн бери дайынсыз. Бул тууралуу өспүрүм кыздын бир тууган агасы Бексултан Абдубаитов билдирди.

Анын айтымында, алар милицияга дагы кайрылышкан.

«Карындашым №2 мектепте 10-класста окуйт. 18-февраль күнү саат 10:00дор чамасында мектепке сумкасы жок бараткан. Чоң энем эмне үчүн сумкасын албаганын сураганда, ал мектепте ишембилик болоорун айтып чыгып кеткен. Ошол бойдон үйгө кайтып келген жок, үйдө жаңжал деле болгон эмес. Үч күндөн бери издебеген жерибиз калган жок, милицияга кайрылдык. Өзүнүн телефонун да үйгө таштап кетиптир», - дейт агасы.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан бул боюнча арыз түшүп, учурда мектеп окуучусун издөө иштери жүрүп жаткандыгын билдиришти.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 см, үстүнө кызыл түстөгү куртка, кара түстөгү шым кийип жүргөн.

Кийин 14-апрелде Камила Абдубаитованын денеси адырдан табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын туугандары билдирди.

Маалыматка караганда, Камиланын денеси15-апрелде жерге берилет.

«Өкүнүчтүү, карындашымдын жансыз денеси бүгүн 14-апрель күнү табылды. Эртең менен үйдө олтурсам адырда мал кайтарып жүргөн досум байланышып, адырда кызыл түстөгү бир нерсе жатканын айтты. Барып карасам карындашым экен. Учурда сөөк Майлуу-Суу шаардык ооруканасынын сөөк сактоочу жайында. Эртең 15-апрелде Жалал-Абаддан соттук-медициналык экспертизадан адамдар келип, сөөктү тазалап, жууп, ороп бизге өткөрүп беришмей болду. Акыркы сапарга узатууну эртең түштөн кийинкиге белгиледик», - деди алар.

Камиланын дайынсыз кетип калуусуна үй-бүлөсү аны ымыркай кезинде багып алышкандыгын билип калгандыгын себеп болгон.

«Биз аны жашырып, качан 18 жашка чыгып, өткөөл мезгилден өткөндөн кийин айтабыз деп жүргөнбүз. Бирок ал жөнүндө мектептен билип калып капаланып, ыйлап жүргөн. Мындай кыларын эч кимибиз күткөн эмеспиз. Азыр баарыбыз кайгырып жатабыз», - деди туугандары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×