Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусуНоокен району 20.02.2019 09:40

Ноокенде мугалимдер арасындагы спартакиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Ноокен районунун Масы айылында 18-февралда билим берүү кызматкерлери арасында «Ден соолук — 2019» спартакиадасы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, спартакиадага 9 айыл аймактын курама командаларынан жалпы 300дөн ашуун мугалим катышты. Алар волейбол, шахмат, стол тенниси жана тогуз коргоол боюнча күч сынашты.

Спартакиаданын ачылышына Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов жана райондогу ардагер мугалимдер катышып, командаларга ийгиликтерди каалашты.

Спартакиаданы өткөрүү үчүн Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети тарабынан каражат бөлүнүп берилди. Спартакиада атаандаштыкта өтүп, 1-орунду Кочкор-Ата шаары, 2-орунду Шайдан айыл аймагы, 3-орунду Сакалды айылынын курама командалары ээлешти.

Жеңүүчүлөр кубок, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×