Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 15.03.2019 20:30 Жаңыланды: 15.03.2019 20:30

Айыл турмушу: Кара-көлдүк Самаранын өзгөчө эмгектерине АКШ, Россиядагы мекендештер буйрутма беришет (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 33 жаштагы тургуну Самара Тельтаева гүлдестенин түрүн жасап, кардарларга тартуулайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда ал гүл сатуучу дүкөн иштетет.

«Алгач ишимди бөлмөдө өскөн гүлдөрдү сатуудан баштадым. Ал иш жаздан баштап күзгө чейин уланып, кышында үйдө бош отуруп калдым. Ошондо тургундар майрамдарда гүлдестелерге буйрутма берип башташты. Ошентип кышында үйдө шурудан, кагаздан гүлдөрдүн түрүн жасап, жазында дүкөнүмдү ачканда бир четине бөлмөдө өскөн гүлдөрдү, бир бурчуна кагаздан жасалган гүлдөрдү коюп сатып баштадым.

Мындан тышкары гүлдүн ортосуна момпосуй оролгон «таттуу» гүлдестелерди дагы жасайм. Алар көпкө чейин сакталбагандыктан буйрутма түшкөндө гана жасап, дароо кардарга берүүгө туура келет. Менин кардарларымдын басымдуу бөлүгү жаштар. Анткени алар оригиналдуу белектерди жактырышат», - деди Самара Тельтаева.

Анын айтымында, ага Американын Чикаго шаарындагы мекендештер дагы буйрутма беришкен.

«Учурда Кыргызстандын булуң-бурчунан буйрутмалар түшүп жатат. Мен ар бир кардардын кыялын орундатып, кооз гүлдестелерди дарегине жеткирип берүү кызматындамын. Мисалы, Россиянын Ханты-Мансийск, Москва, Красноярск шаарларындагы мекендештерден буйрутмалар түшөт. Ушул жылдын январь айында Американын Чикаго шаарынан буйрутма келди. Ал жактагы кардарлардын көбү чет өлкөлөрдө окуп, иштеп жүргөн биздин мекендештерибиз. Алар ата-эне, бир тууган, жакындарына же жакшы көргөн адамдарына «сюрприз» кылуу максатында мага социалдык тармактар аркылуу буйрутма беришет. Мен аларды дарегине жеткирип берүү менен бул ишим аркылуу киреше гана таппастан, башкаларга жана өзүмө дагы жагымдуу маанай тартуулайм», - дейт ал.

Самара Тельтаева үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кыздын энеси. Кесиби боюнча эсепчи, кыймылсыз мүлктү башкаруу жана эксперттөө адистигине ээ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×