Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусуНоокен району 19.02.2019 14:13

Ноокендеги Бөбүй айылынын эли таза сууга, мектепке муктаж (сүрөт)

Turmush -  Ноокен районунун Бөбүй айылында күнүнө 1-2 сааттан гана суу берилет. Бул жагдайды айыл эли 19-февралда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү К.Сатыбалдиевдин районго жасаган иш сапарынын алкагында айтышты. Жолугушууда эл таза суу, мектеп көйгөйүн көтөрүшкөнүн аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, Сакалды айыл аймагынын Бөбүй айылына сааты менен суу чыгат. Айылдыктар сууну 24 саат бою берүүнү суранып, өзгөчө жай мезгилинде кыйынчылыкка кабылышарын айтышты. Ыйгарымдуу өкүл бул маселе боюнча тийиштүү тараптар менен иш алып барыларын айтты. Жыйынтыгында элге таза суу берүүнүн убактысы узармай болду.

«Айылдардагы таза суу көйгөйүн чечүү үчүн бир катар иштер жүрүп жатат. Гранттар суу маселесин чечүүгө багытталууда. Тийиштүү документтерди бергиле, таза суу боюнча долбоорлорго коштуралы», - деп өкмөттүн өкүлү айыл өкмөт башчыларына кайрылды.

Жыйында маалым болгондой, ушул эле Бөбүй айылында мектеп көйгөйү да курч турат. Андагы айылдагы балдар 3 чакырым жолду басышып, Чоң-Багыш айылындагы мектепке келишет.

«Өзгөчө кышында балдарга кыйын болууда. Бизге типтүү мектеп керек», - дешти айылдыктар.

Маалым болгондой, айылда мектеп куруу үчүн 80 сотых жер бөлүнгөн. Ал жайга 150 орундуу типтүү мектеп куруу пландалууда.

Облус башчысы Ноокен айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Сыя айылынын жашоочулары менен дагы жолугушту. Анда тургундар бир гана бала бакча көйгөйүн чечип берүүнү суранышты. Ал эми аким былтыркы жылы бала бакчанын долбоору даяр болбой калгандыктан райондун өнүктүрүү фондунан акча бөлүнбөй калганын айтты.

«Айылдык кеңештин чечими менен жактырылып, документтер менен барышса, жардам беребиз», - деди аким.

Маалым болгондой, айыл аймактын төрт айылы тең бала бакчага муктаж болуп турат. Мындан тышкары, дыйкандар жер семирткичтердин баасы кымбат болуп жатканын айтышты.

«Бул маселе өкмөттүк деңээлде каралып жатат», - деди облус башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×