Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусуНоокен району 19.02.2019 09:39

Ноокенде агартуучу К.Абдрахмановдун урматына волейбол боюнча турнир өттү (сүрөт)

Turmush -  Ноокен районунда «Эл агартуунун отличниги» төш белгисинин ээси Касымжан Абдрахмановдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча турнир өттү. Аймактык кабарчы маалымдагандай, турнирге 9 курама команда катышты.

«Биз Майлуу-Суу шаарынын атынан катышып жатабыз. Атаандаштарыбыз күчтүү экен, мыкты оюн болду. Биз бул оюнга 10 жылдан бери такай катышып, Касымжан Абдрахмановдун атындагы көчмө кубокту жыл сайын алып, ийгилик жаратып келебиз. Бүгүнкү мелдеште дагы ийгиликке жеттик», - дейт Майлуу-Суу шаарынын курама командасынын капитаны Камил Маатов.

Ал эми маркум К.Абдрахмановдун кесиптеши Акпарали Султанкулов аны эскерип жатып: «Касым мектепти аяктагандан кийин аракетчилдиги менен Түркестанда билим алып келип, Шамалды-Сай шаарчасында, кийинчерээк Бүргөндү айыл өкмөтүндөгү кесиптик лицейлерде иштеди. Ардактуу кесипти аркалап жүрүп, Кыргызстан мугалимдеринин 1-курултайынын делегаты болду.

Кийинчерээк Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасына татыды. Андан соң 1995-жылдан баштап өзүнүн кичи мекени Ношкен айылынын башчысы болуп иштеп жүрдү. Айылда бир үй-бүлөдө ич ара жаңжал чыкса да ичкен ашын таштап, маселени жеринде чечип келчү. 46 жашында көзү өтүп кетти. Анын 50 жылдыгынан баштап жыл сайын райондук масштабдагы спорттук иш-чараларды өткөрүп келебиз. Волейбол боюнча мелдеш анын 60 жылдык мааракесине карата өткөрүлдү», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.99% (779)
«РСК Банк»
28.71% (422)
«Капитал Банк»
6.33% (93)
...
Всего голосов: 1470
×