Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 19.02.2019 08:29

Жиу-житсу боюнча КРнын чемпионатында Жалал-Абад облусу 1-орунду алды (сүрөт)

Turmush -  15-16-февраль күндөрү Бишкек шаарында өткөн жиу-житсу боюнча Кыргызстандын чемпионатында командалык эсепте Жалал-Абад облусу 1-орунга чыкты. Бул тууралуу спортчулардын күйөрмандары билдиришти.

Маалым болгондой, 69 кг салмакта Далер Марасулов, 62 кг салмакта Сирожидин Наралиев, 56 кг салмакта Заир Розматов алтын медалга ээ болушту. Ал эми 56 кг салмактагы Саид Акбарханов, 62 кг салмактагы Фуркат Шасалимов күмүш медаль утушту. Аталган спортчулардын медалдары менен Жалал-Абад облусу командалык эсепте 1-орунга чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×