Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Нарын облусуАк-Талаа району 16.02.2019 12:53

Ак-Талаанын Коңорчок айылында көк бөрүнүн жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Коңорчок айылында айыл аймактар аралык көк бөрү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Билимбек Капарбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, жыл сайын айыл аймактар аралык спорттун көк бөрү, эркин күрөш, футбол жана ордо оюндары боюнча мелдештер өткөрүлүп келет. Бул жолу көк бөрү мелдеши аталган айылда өтүп, ага жалпы 7 айылдын көк бөрүчүлөрү оюн талаасында күч сынашты.

Жыйынтыгында, 1-орунду Чолок-Кайың айылынын «Хан Шырдакбек» командасы, 2-орунду Тоголок Молдо айылынын командасы жана 3-орунду Коңорчок айылынын командасы камсыздап, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана дипломдор тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.99% (779)
«РСК Банк»
28.71% (422)
«Капитал Банк»
6.33% (93)
...
Всего голосов: 1470
×