Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Нарын облусу, Нарын 24.04.2019 17:53

Адистердин кеңеши: Баланын шайын кетирип, денесин кургаткан кайсы дарт?

Turmush -  Гигиена эрежелерин сактабагандыктан ич өткөк оорусу пайда болот. Бул оору баланын шайын кетирип, денесин кургатып, жүрөк, мээнин иштешине терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Калбүбү Касмалиева эскертти.

Дарыгер жугуштуу оорулардын катарына кирген балдардын ич өткөк оорусу тууралуу жана аны алдын алуунун жолдорун айтып берди.

«Ич өткөк колдун кир болушунан улам келип чыккан жугуштуу оору. Бул дартты алдын алуунун бирден бир жолу — колду жууп туруш керек. Андан тышкары, бүгүн жасалган тамакты эртеси ичпей, жашылча-жемиштерди жууп жеш керек. Балдарды колуңузга алганда, аларга тамак берерде, ымыркайларды эмизгенде колду жууш керек. Тамакты жылуу жерге койбой, муздак жерге коюш керек. Кичинекей балдардын арасында ич өткөк менен ооругандар көп болот. Алардын бардыгы кир колдордун айынан оорушат», - дейт дарыгер айым.

Анын айтымында, бала ооруганда эти ысып, кусат. Дене табы 39 градуска чейин көтөрүлөт.

«Бала ич өткөк менен ооруп жаткан учурда дароо үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыш керек. Көпчүлүк энелер кайрылышпайт. Дарыканада «Регидрон» деген дары сатылат. Баасы болгону 25 сом. Аны эзип, 1 литр сууга аралаштырып алып, ар бир заңдаган жана кускан сайын 100 граммдан ичирип турса, бала жакшы болуп кетет. Үй-бүлөлүк дарыгерди үй-бүлөнүн мүчөсү катары кабыл алып, аны менен тыгыз байланышта болуп, кеңешип туруш керек. Көпчүлүк ата-энелер баласы ооруп жатканда «Регидрон» кошулган суу бербейт. Оору күчөп, баланын шайы кеткенге чейин жеткирбей, «Регидрон» жок болсо кадимки эле тузду же кумшекерди сууга кошуп алмак-салмак ичирсе болот», - деди дарыгер.

Ал оорунун белгилерин мындайча айтып берди.

«Баланын денеси кургайт. Экинчиден баланын мээсинин чел кабыгына таасир берет. Дене кургап калганда кан коюлуп кетсе мээсине, ичеги карындарына кан барбай калат. Шайы кетет. Эң негизги белгиси — организмде суу азайып кетет. Аны менен бирге организмге керектүү туз, калий, магний жоголот. Анын айынан жүрөгүнүн, мээсинин иштеши начарлап калат. Жүрөк, мээнин начар иштеши баланын өсүүсүнө терс таасирин тийгизет. Аларды калыбына келтирүүгө 1-2 ай керек. Ошондуктан балага ич өткөк жугузбоого аракет кылып, гигиенаны сактоо керек. Мисалы, ата-эне ыйлап жаткан балага чөнтөк телефонду карматат. Бирок чөнтөк телефонду жуубайт да», - деп эскертти жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Калбүбү Касмалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×