Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 24.04.2019 16:53 Жаңыланды: 22.06.2019 15:20

Айыл турмушу: Базар-коргондук Б.Сариев баалуу көгүчкөндөрдүн түрүн багат (сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын 33 жаштагы тургуну Бахром Сариев 10 жылдан бери үй шартында көгүчкөн багып, аларды сатыкка чыгарат.

Ал аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, учурда анын 80ге жакын көгүчкөнү бар.

«Бала кезимден бери үй канаттууларын бакканга кызыкчумун. 10 жыл мурда эки көгүчкөндү 400 сомго сатып алгам. Кийинчерээк алар балапан басып чыгарып, саны көбөйдү. Көгүчкөн багууда мээнет көп деле талап кылынбайт, аларга жүгөрү, буудай беребиз. Бир көгүчкөн жылына 10дон ашык балапан чыгарат.

Учурда 10дон ашык түрү калды. Алар — якобин, бухар доолбарсчы, агаран, архангельск снегири, америкалык, капкан жана башка түрлөрү бар. Көгүчкөндөр ар түрдүү түстөрү менен айырмаланып, ошого жараша 2 миң сомдон 2,5 миң сомго чейин бааланат. Жайкысын чет элдик туристтер алып кетишет», - деди Бахром Сариев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×