Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусуНоокен району 14.02.2019 09:44

Сүрөт: Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдыгы анын кичи мекенинде белгиленди

Turmush -  Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, коомдук ишмер, публицист, режиссёр жана саясатчы Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдык мааракеси өзү туулуп өскөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Дооронбек Садырбаев көзү тирүү болсо 13-февралда 80 жашка толмок. Эскерүү иш-чарасына райондун акими Э.Маматаев, айыл өкмөт башчылары, Кочкор-Ата шаарынын мэри, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Д.Садырбаевдин туугандары болуп жалпы 250дөн ашуун адам катышты.

Д.Садырбаевдин бюсту «Ноокен районунун баатырлары» аллеясында жайгашкан. Анын ысымы Масы айыл аймагындагы көчөгө, Бүргөндү айыл аймагындагы №33 мектепке ыйгарылган. Ошондой эле А.Кулумбетов атындагы райондук тарыхый-этнографиялык музейде бир бөлмө берилип, анда Д.Садырбаевдин эмгектери жана буюм-тайымдары коюлган.

Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө Д.Садырбаевдин эстелигине гүл коюлуп, андан соң куран окулду. Экинчи бөлүгүндө райондук билим берүү жана маданият бөлүмдөрү тарабынан Д.Садырбаевге таандык «Айылыма», «Кимибизден» чыгармаларынан үзүндү аткарылды. Ошондой эле Достук айыл аймагынын №26 Т.Анаркулов атындагы орто мектебинин эмгек жамааты тарабынан «Акбаранын көз жашы» тасмасынан үзүндү коюлду.

Иш-чарада аким Э.Маматаев, айыл өкмөт башчы Ж.Эшенкулов, Д.Садырбаевдин 95 жаштагы эжеси Тажикан Байгазиева, карындашы Гүласал Садырбаева сөз сүйлөп, айыл өкмөт башчыларына, Кочкор-Ата шаарынын мэрине Д.Садырбаевдин 5 томдук «Даанышман» аттуу китебин айылдык китепканалар үчүн тапшырышты.

Дооронбек Садырбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында (мурдагы «Бирлик» колхозунда) 1939-жылдын 13-февралында туулган. Атасы «Бирлик» колхозунун төрагасы болуп иштеген. Ал 14 жашка чыкканда атасы 45 жашында оорудан улам каза болгон. Д.Садырбаев ошол айылда 7-класска чейин окуган. 7-классты бүткөндөн кийин райондун борборундагы №1 орто мектебине кирип, 1957-жылы орто мектепти аяктаган. Кийин Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун бүтүргөн.

Д.Садырбаев 70тен ашуун даректүү тасмалардын, «Арман», «Махабат дастаны», «Эне бөрүнүн ыйы» өңдүү 16 көркөм тасманын автору. Анын 8 көркөм жыйнагы, 700дөн ашык публицистикалык макалалары жарык көргөн.

Эмгек жолу

Студент кезинен эле режиссёрдук жана кино өнөрү менен «ооруп» калган. 4-курстан медициналык институтту таштап, жаңы ачылган Кыргыз сыналгысына режиссёр болуп ишке орношкон. Муратбек Рыскулов, Жамал Сейдакматова, Бакен Кыдыкеева сыяктуу устаттар менен чогуу көптөгөн көркөм тасмаларды кыргызчага которууга катышкан, диктор катары тексттерди окуган.

Тасмаларды которууда Вячеслав Тихонов, Кирилл Лавров сыяктуу орусиялык «лөктөрдүн» үнүнүн котормосун окуп жүрчү экен. Анын эскергенине караганда, бул иш ага дурус маяна табууга мүмкүндүк берип, чыгармачыл эркиндик алууга өбөлгө түзгөн.

Ал режиссердук кылган даңазалуу «Махабат дастаны» тасмасы 1983-жылы тартылган жана кыргыз көрөрмандарынын жылуу баасына арзыган. Бул тасма жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романындагы бир окуяга негизделип тартылган.

Ал өз замандаштары Төлөмүш Океев жана Болот Шамшиевдин кыргыз кино өнөрүндөгү улуу көчүн андан ары уланткандардын бири болду.

Пост-советтик коомдук ишмердиги

1992-1993-жылдары Чеченстанда, Иракта, Грузияда болгон. Жохар Дудаев, Гамсахурдия сыяктуу саясатчылар менен маек куруп, кийинчерээк алар тууралуу макалаларын кыргыз тилинде жарыялаган.

Түркияда да «Ихлас фильм продакшн» кино студиясында иштеп, үйрөнчүктөргө кино өнөрү боюнча сабак берген учурлары болгон. Кийинчерээк эл-жерине кайтып келип, 1994-жылдан 1995-жылга караган кышта оппозициячыл саясатчы катары шайлоого катышып, жеңишке жетишкен.

Депутаттык ишмердиги

Өмүрүнүн акыркы мезгили 1995-жылдан тартып көзү өткөнчө ал Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты (1995-2008) болгон. Ал депутат кезинде калыс сөзү, оппозициячыл маанайы менен айырмаланган.

2008-жылдын 28-майында 69 жашында оорудан улам Бишкек шаарында каза тапкан. Сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.99% (779)
«РСК Банк»
28.71% (422)
«Капитал Банк»
6.33% (93)
...
Всего голосов: 1470
×