Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 11.02.2019 17:07

Подполковник Азенбек Козукеев Таш-Көмүр ШИИБдин башчысы болду

Азенбек Козукеев
Азенбек Козукеев

Turmush -  Козукеев Азенбек Рахманалиевич Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка ИИМдин башчысы 7-февралда кол койгон.

Милициянын подполковниги Азенбек Козукеев буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын (бөлүм укугунда) башчысы болуп иштеп келген.

Ал эми Таш-Көмүр ШИИБди буга чейин жетектеп келген Бектен Бекмуратов ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы кызматына которулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×