Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Чүй облусу, Кара-Балта 05.04.2019 21:00

Айыл турмушу: Атаандашын жеңгенде ыйлаган футболчу А.Аскербеков (сүрөт)

Turmush -  8 жашынан бери топ тээп жүргөн Азамат Аскербеков 2022-жылы Кыргызстан футбол боюнча дүйнө чемпиону болот деп ишенет. Жаштын тилегин берет дегендей 18 жаштагы футболчу менен аймактык кабарчы таанышты.

Азамат күнүнүн жарымын футбол менен өткөрөт. Буга чейин командасы менен бир катар жеңиштерди багындырып келген. 2014-2016-жылдары Казакстандын кубогу үчүн мелдеште 1-орунду, 2017-жылы кышкы оюндарда дагы 1-орунду ээлеген. 2018-жылы «Живое» командасы менен биринчи лигада ойногон.

«8 жашымдан бери футбол менен алектенем. Улук, Исак деген байкелеримди ээрчип жүрүп футбол ойногонду үйрөндүм. Нарын курама командасында ойнодум. Бул кураманын катарында Талас командасына каршы ойногом. Ошондо 60 баланын ичинен тандалып, Бишкектеги “Дордой” курама командасына кошулгам. Учурда Кара-Балтанын курамында ойнойм. Бирок келишим түзө элекмин. Буюрса түзөм», - деди өзү жөнүндө футболчу жигит.

Кыргызстан курама командасынын Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия кубогундагы оюндарын калтырбай көргөн Азамат Кыргызстан курамасы дүйнө чемпиону болоруна ишенет.

«Кыргыз спортчулары жакшы оюн көрсөтүштү. Балдар болуп оюндарды көрүп жаттык. Футболчуларыбыз Кыргызстандын тарыхын жаңылады десем болот. Кыргыз эли улуттук курамадан мындай жыйынтыкты күткөн эмес. Кудай буюрса 2022-жылы Кыргызстан футбол боюнча дүйнө чемпиону болот деп ишенем. Ошол мелдешке катышууга аракет кылып, даярданып жатам», - дейт жаш футболчу.

Азамат мыкты футболчу болуш үчүн эмне кылыш керек экендигин дагы айтты.

«Жакшы футболчу болуш үчүн башкысы — кудайдан сурануу керек. Көбүрөөк машыгып, жалкоо болбош керек. Ошондо үзүрүн көрөсүң. Футболчу жаракат алса анын ордуна келчү балдардын арасында атаандаштык күчтүү болот.

Оюндан утулганда же утканда ыйлаган күндөр болот. Бир жолу Бишкек курама командасы менен Таласка бардык. Ал жактагы оюнда эсеп тең болуп жаткан. Биз бир гол киргизип беттешти жеңип алганбыз. Бирок жеңгенде баарыбыз ыйлаганбыз», - деди ал.

Азамат футболдон тышкары иштейт. Бирок машыгуусун калтырбайт. Ал машыгууну биринчи орунга коёт.

«Кошумча жумушум бар. Бирок машыгууга көп убакыт бөлөм. 8 саат убактым футболго кетет. Машыгууну биринчи орунга коём. Футболчулардын айлыгы аз. Бирок Кыргызстанда футболдун келечеги бар. 5 жыл мурун келечеги жоктой көрүнчү», - дейт Азамат.

Жаш футболчу 2000-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган. 4-класска чейин айылындагы Ж.Шералиев атындагы мектепте окуган. Андан кийин Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы №1 лицейге которулуп, 11-классты ошол жерден бүтүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×