Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Жалал-Абад облусуСузак району 11.02.2019 12:54 Жаңыланды: 11.02.2019 18:17

«Операцияга кирерде өлүмгө даярданам»: 7 жолу операция болгон Айперинин тагдыры (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 28 жаштагы тургуну Айпери Хатамова кичинекей кезинен бери остеохондропатия оорусу менен жабыркап келет. Ал ушул күнгө чейин 7 жолу операция болгон, дагы 2 операцияга даярданып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал бул оору менен 4 жашынан бери жабыркайт.

«1997-жылы Бишкекке келип, дарыгерлерге көрүнгөм. 2001-жылы мага биринчи операция жасалган. Ошондон берки кыйынчылыктардын баарын жакындарымдын колдоосу менен жеңип келем. Эки бутумда тең жалпак темир (пластина) бар эле. Дарыгер алгач эки темирди алып, анан операция жасоо керектигин айткан. Мен темирди алдырып, анан операцияны дароо жасаттым. Дарыгердин кыйналып каласың дегенине карабай, операция кылдырдым. Жакшы жыйынтык болгондуктан жалпы 7 операцияны башымдан өткөрдүм. Азыр өз бутум менен басып жүрөм. Операциядан кийин бир аз кыйын болот, 1-2 жыл балдак менен басканга туура келет. Эми алдыда дагы 2 операция калды. Ага ден соолугумду чыңдап, моралдык жактан дагы даярданып жатам», - деди ал.

Анын айтымында, ал учурда жогорку окуу жайдан билим алууну пландап жатат.

«Биздин коомдо ооруган адамды башкача кабыл алышат эмеспи. Мунун баары бизде калыптанып калган стереотиптерге байланыштуу деп ойлойм. Мен дагы көчөгө чыккым келбей, башка адамдардын көзүнө урунгум келчү эмес. Ушунун айынан жана мектепте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шарт түзүлбөгөндүктөн билим алган жокмун. Окуп, жазганды үйдөн үйрөнгөм. Билим алуунун эрте-кечи жок дегендей учурда кечки мектепте окуп жатам, аттестат алсам билимимди жогорулатам», - дейт ал.

Ошондой эле ал операцияга киргенде өлүмгө даярданып киргенин айтат.

«Негизи аял кишинин өлгөндө чачы көкүрөгүн жаап турушу керек деп айтылат экен. 2012-жылы операция болорго аз калганда эжем: «чачыңды бир аз кыскартып коёлу, операциядан кийин жүдөп каласың» деди. Мен болсо «операциядан кийин кыркалы, аял кишинин көзү өткөндө чачы белинен болушу керек» десем, мени урушкан эле. Бирок мен дайыма операцияга кирерде өлүмгө даяр болуп кирем. Албетте, жакшылыктан үмүт кылып, айыгып кетсем экен дейм. Бирок эч ким канча жашарын, эртең эмне болорун билбейт», - дейт ал.

Айпери Хатамова учурда коомдук иштерге активдүү катышып жатканын айтат.

«2018-жылдын апрель айында операция болдум. Операциядан кийин мени такай карай турган адам керек эле. Ошол учурда Москвада иштеп жаткан досум Кыргызстанга эс алганы келгенин айтып калды. Мен операция боло турганымды айтсам, ал «сени өзүм эле карайм» деп операциядан кийин ооруканада мени карап жатты. Ушундай досторумдун барына жана кыйынчылыкта жардам бергенине абдан сүйүндүм.

Учурда Сузак районунда «Асыл-Ай» коомунда жаштар комитетинде мүчө болуп иштейм. Ал жактан коомдук иштерге активдүү катышкандыгым үчүн сыйлык алгам. Бош убактымда кол өнөрчүлүк менен алектенип, шурулардан жана кагаздан гүлдөрдү жасайм. Мен билимимди жогорулатып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын билим алуусуна шарт түзүп, билимканаларды ачсам деген кыялдарым бар», - деди ал.

Айпери үй-бүлөдө 7 бир тууган. Анын эки агасы, төрт эжеси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×