Сүрөт — Чет элдик туристтерди кызыктырган Арстанбаптагы кышкы туризм

Turmush - Тоо койнунда орун алган Арстанбап эс алуу жайына жыл башынан бери 30га жакын чет өлкөлүк турист келди. Бул тууралуу «Коомчулукка негизделген туризм» тобунун мүчөсү Лачын Садиев билдирди.
Анын айтымында, Арстанбапта лыжа тебүү мезгили декабрь айында башталып, апрелге чейин уланат.
«Арстанбапта лыжа тебүүнү 2007-жылы баштаганбыз. Өткөн жылы жарым миллионго жакын турист келген. Алардын ичинен 42 миңден ашыгын Америка Кошмо Штаттарынан келгендер түзгөн. Жакында эле Германиядан туристтер келип, 10 күн эс алып кетишти», - дейт ал.
Анын айтымында, «Коомчулукка негизделген туризм» тобунда 24 адам иштейт, алар атайын окуудан өтүшкөн.
«Лыжа тебүү багытында 4 адам иштеп, алар туристтердин коопсуздугун көзөмөлдөшөт. Чет элдик туристтер үчүн атайын 18 конок үйүбүз бар. Эс алуучулар үчүн баардык шарттар каралган. Арстанбап айыл аймагы кооздугу менен төрт мезгилде тең туристтерди өзүнө тартып турат», - дейт Лачын Садиев.