Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Жалал-Абад облусуАксы району 09.02.2019 15:26

Аксыда жыл башынан бери жол эрежесин бузган 45 айдоочу айыпка жыгылды (сүрөт)

Turmush -  Аксы районунда жыл башынан бери жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 45 айдоочуга протокол түзүлдү.

РИИБдин ЖКККБнын башчысы Алмаз Кадыровдун маалыматына караганда, райондун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн рейддер жүргүзүлүүдө.

«Райондо «Тайгалак» аталышындагы рейд өткөрүлүп, анын алкагында коопсуздук курун тагынбаган 4 айдоочуга протокол түзүлүп, айып пул салынды. Ошондой эле, спирт ичимдигин ичип алып, унаа башкарып жүргөн бир айдоочу айып төлөөгө милдеттендирилди. Мындан тышкары, айдоочулардын жолдоо жүрүү маданияты жана жыл башынан тарта күчүнө кирген мыйзамдар тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», - деди А.Кадыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×