Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.02.2019 14:54

ЖМТРК кызматтык унаасын жең ичинен сатты деген бир нече сайтты сотко берет

Turmush -  Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын кызматтык унаасы 20 миң сомго сатылган эмес. Бир тараптуу, чындыкка дал келбеген маалыматтарды тараткан интернет-сайттарды сотко беришет. Бул тууралуу аталган телерадиокомпаниядан маалымдашты.

Маалыматка караганда, 5-февралда айрым сайттарда Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясы кызматтык унаасын жең ичинен 20 миң сомго сатып жиберди деген маалыматтар чыккан.

«1991-жылы чыгарылган «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү кызматтык унааны биз 2010-жылы алганбыз. Мыйзамга ылайык кызматтык унааны пайдалануу мөөнөтү беш жылды түзөт. Эскилиги жеткен соң, ал жокко чыгарылышы керек. Унаанын кыймылдаткычы жана тетиктери эскирип, оңдоого жарабай калган. Баланста унаа турса жаңы унаа алууга мыйзам жол бербейт. Ошондуктан бул абал боюнча тиешелүү жактарга, министрлик, департаментке кат жөнөтүлгөн.

Пайдалануудан чыккан унааны компанияда көп жыл иштегендерге берүү жагдайын эске алып, компаниянын профсоюз уюму атайын жыйын өткөрүп, көпчүлүктүн сунушу менен жыйынтыгында токтомдун негизинде 30 жылдык тажрыйбага ээ баяндамачы Ы.Зулумбековго берүү сунушталган. Жыйындын өтүшүндө унаанын сунушталгандыгына жетекчинин эч кандай таасири жок. Мажбур абал жана баасы жөнүндө сөз болгон эмес. Анткени кызматтык унаа мамлекеттин мүлкү болуп саналат. Аны сатып алуу же өткөрүүнүн өз процедуралары бар. Учурда унаа сатылып кетпей эле гаражда турат», - деп маалымдашты компаниядан.

Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясы 3 кабаттуу имаратта жайгашкан. 2010-жылдан бери оңдоп-түзөө жумуштарына каражат бөлүнгөн эмес. Себеби ушул кезге чейин имараттын ТРКга таандык экенин күбөлөндүргөн документтери болгон эмес, кимдин балансында экендиги да так эмес болчу. Мэрияга кат менен кайрылганда алар да биздин баланста эмес деген жообун беришкен.

«Азыр имаратты Жалал-Абад ТРКнын балансына өткөрүп, тийиштүү документтин ээси болууга жетиштик. Имараттын алдыңкы фасадына өзгөртүү киргизилип, ичиндеги эмеректер жаңыланды. Компаниянын штаттык бирдиги 50 эмес, 36. Бир жыл эки ай аралыгында 9 жаңы долбоор даярдалды. Учурда каналдык берүүсү 17 саатты түзөт. Түштүк аймакты камтыйт», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×