Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Жалал-Абад облусуНоокен району 08.02.2019 13:31 На русском

«Мекендештер»: Филипп Киркоров окуган мектептен билим алган Айзиректин Россиядагы жашоосу (видео, сүрөт)

Turmush -  Москва шаарына 6 жашында ата-энеси менен көчүп кеткен Айзирек Акрамова Россиянын белгилүү эстрада жылдызы Филипп Киркоров окуган мектептен билим алган. Ал социалдык тармактарда өзүнүн ырчылык, бийчилик өнөрүн тартуулоо менен элге белгилүү болууда. Аймактык кабарчы 1-классынан тарта Москвада окуп, учурда фармацевт тармагы боюнча билим алып жаткан мекендешибиз менен таанышты.

«Мен 1998-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Массы айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсүмүн. Бектур жана Элдос аттуу 2 агам бар. Алар үйлөнүп, балалуу болуп калышкан. Атам Акбарали Акрамов, кесиби боюнча бухгалтер. Айылыбыздын активисти. Жакшылык-жамандыктар боюнча маселелер атамдын жардамы менен чечилет. Бизди өтө катуу кармап тарбиялаган. Ал эми апам Бүсайра Эшатова, жогорку категориядагы мугалим. Курманжан датка орденинин ээси. Апам дагы коомдук иштерге активдүү катышат. Апамдын Москва шаарында Базар-Коргон, Ноокен коомдорун түптөөдө салымы чоӊ. Кыргыздардын ар кандай иш-чараларына калбай катышып келет. Кезинде Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайынын алдында уюшулган "Элегия", "Кызгалдак" кыздар-вокалдык эстрадалык ансамблине катышып, окууну аяктаган соӊ Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова «Кыз-Бурак» тобуна бас-гитара чертүүгө алып кетип, Ош мамлекеттик педагогикалык окуу жайына киргизген. Турмуш шартка байланыштуу ансамблге көп катышпай калган экен. Ошондой эле атамдын карындашы Канымгүл Акрамова эжем дагы "Кызгалдак", "Кыз-Бурак" тобунда ырдаган. Ырчылык өнөр канымда болсо керек деп ойлойм.

Кыргызстанга жайкы каникулда барып турам», - деди ал.

Айзирек Акрамова: «Мен Москвада чоӊойдум десем болот. 2004-жылы Москвага көчүп келгенбиз. Анда 5-6 жашта болчумун. Орус тилин жакшы билчү эмесмин. Бирок апам мага орусча сүйлөгөндү үйрөтүп, сабактардан жетишүүгө жардам берди. 2005-жылы Москвадагы №1685 мектепке 1-класстын босогосун аттап кирдим. Биздин класста көп улуттун өкүлдөрү окучу. Орус, кыргыз, азербайжан, татар жана башка улуттагы окуучулар бар эле. Бирок ортобузда улут аралык ажырым жок болчу. Баарыбыз ынтымактуу болчубуз. Ушул мектептен белгилүү эстрада жылдызы Филипп Киркоров билим алган экен.

Мектепте окуп жүргөн мезгилде эле коомдук иш-чараларга активдүү катышып, көптөгөн ардак грамоталардын ээси болууга жетиштим. Москва шаары боюнча болуп өткөн "Жаш таланттар" таймашында байгелүү орунга илингем. Айта берсем жетишкен ийгиликтерим көп эле. Андан кийин 8-класстан баштап №457 мектепке которулдум да, учурда жогорку окуу жайлардын биринен фармацевт боюнча окуп жатам», - деди.

Ал апасынын кеӊешинен кийин медицина багытынан билим алууну чечкенин жана музыкага чек койбой, аны кошумча өркүндөтө берерин баса белгиледи.

«Мен окуучулук кезде медицинаны же ырчылык өнөрдү тандайм деп айтчумун. Бирок апам мага музыканы хобби катары кабыл алса болорун жана өмүр бою иштеп, анын үзүрүн көргөндөй кесип тандашым керектигин айткандан кийин мен фармацевт болууну туура көрдүм.

Албетте, медицина мен үчүн ар дайым кызыктуу болуп келген. Бул кесиптин өзүӊө, үй-бүлөӊө, кыргыз элиме да пайдасы чоӊ деп эсептейм. Мен ушул кесипти тандап алганыма кейибейм, тескерисинче сүйүнөм.

Бош убактымда ырдайм, бийлейм. Кичинекейимден бери ырдап, бийлегенди жакшы көрөм. Мектепте атайын музыкалык ийримдерге барып жүрчүмүн. Башталгыч класста окуп жүргөн кезимде кошумча музыкалык мектепте 2 жыл билим алгам. Вокалдан окуткан мугалимим Дагестанга көчүп кеткендиктен андан ары окугум келген жок. Бирок азыр аны толук окуп бүтпөй калганыма өкүнөм. Эгер толук окуп бүткөнүмдө азыркыдан да жакшы чеберчилик менен ырдамакмын деп ойлойм», - деди ал.

Айзирек Акрамова келечекте бактылуу үй-бүлөнү түптөө менен өз кесибинин мыктысы болууну каалайт.

«Албетте, мен да ар бир эле кыздардай эле бекем, ынтымактуу үй-бүлөнү түзгүм келет. Чыгармачылык менен алектенип, жакшы ырчы болууну каалайм. Бардык тараптан өнүгүп-өскүм келет. Дүйнөнү кыдырып, саякаттагым келет. Окуумду мыкты аяктап, фармацевт боюнча жакшы адис да болууну кыялданам. Кудайым жол берип калса, буюрса баары жакшы болот деп ойлойм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×