Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Жалал-Абад облусуАксы району 08.02.2019 08:55

Видео— Аксыдагы айылдын эли 10 жылдан бери жарыгы жок жашайт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айыл өкмөтүнүн Чоңтовар-Сай айылынын тургундары 10 жылдан ашык убакыттан бери электр энергиясы жок жашап келишет.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул айылда 10дон ашуун үй-бүлө жашайт. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жыл сайын убада бергени менен 10 жылдан бери айылга электр энергиясы тартылбай келет.

Ал эми Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Нурмырза Абдыраманов Чоңтовар-Сай айылынын элине эми электр жарыгы тартыларын айтты.

«Чоңтовар-Сай айылында жашагандар үчүн үлүш жер бериле элек. Аларга жер жашылдандыруу үчүн гана берилген экен. Ал жерге 10дон ашуун турак үй курулуп, бирок 5 эле үй-бүлө жашап жатат. Аларга электр энергиясын жеткирүүнүн жолдорун карап жатабыз», - деди Н.Абдыраманов.

Чоңтовар-Сай айылы айыл өкмөттүн борборунан 25 чакырым алыста жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×