Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.02.2019 22:28

Жалал-Абадда №4 бала бакчанын балдары өрт кырсыгынан сактанууну үйрөнүштү (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы №4 «Алтын балалык» мектепке чейинки билим берүү бала бакчасында 6-февралда өрт кырсыктардын алдын алуу максатында тактикалык машыгуу болуп өттү.

Маалым болгондой, машыгууга шаардык өрт куткаруу, саламаттыкты сактоо, коомдук коопсуздук жана жарандык коргоо кызматтарынын өкүлдөрү катышты.

«Жалал-Абад шаарында биринчи жолу бала бакчада өрттүн алдын алуу боюнча тактикалык машыгуу өткөрүп жатабыз. Буга чейин мектептерде, башка жайларда өткөргөнбүз. Эми тарбиячыларга жана жаш балдарга өрт кырсыгынан кантип сактануу керектиги боюнча окуу өткөрдүк. Машыгууну боюнча билим берүү бөлүмү жана бала бакчанын жетекчилиги менен макулдашканбыз. Өрт кырсыгы айтып келбейт, ошондуктан мындай абалга ар бир жаран даяр туруусу керек. Мындай иш-чаралар дагы өткөрүлөт», - дейт ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын өрт өчүрүү бөлүмүнүн башчысы майор Чынарбек Шекенов.

2018-жыл ичинде облустун аймагында 642 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык чыгым 53 млн 398 миң сомду түзгөн. Өрттөн 6 жаран каза болгон. Алардын бири жаш бала. Мындан сырткары, жаш балдардын от менен ойногонунан 84 өрт кырсыгы катталган. Жалал-Абад облусунда эки мектепке чейинки мекемеде өрт кырсыгы катталган. Алар: Чаткал районундагы «Тоо-Гүлү» жана «Акшоола» бала бакчалары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×