Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Жалал-Абад облусуНоокен району 07.02.2019 14:30

Жалал-Абадда 50 айылды таза суу менен камсыздоо үчүн каржы булагы чечилип калды

Turmush -  Жалал-Абад облусунда 50 айылды таза суу менен камсыздоо үчүн каржы булагы чечилип калды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Ноокен районунда 6-февралда өткөн элдик жыйында билдирди.

Райондун эли, ыйгарымдуу өкүл менен катар облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери дагы катышты. Анда өкүл облустун социалдык-экономикалык багытын жакшыртуу үчүн аткарылып жаткан иш-мерчемдерге токтолууда. Ал калкты таза суу менен камсыздоо багытында жүрүп жаткан аракеттерге токтолду.

Анын айтымында, учурда 50 айылды таза суу менен камсыздоо үчүн каржылоо булагы аныкталды. Быйыл дагы 30 айылдын таза суу көйгөйүн чечүү үчүн каржылоо булагын издеп жатышат.

«Бир учурда калктын таза суу көйгөйүн чечүү маселеси жакшы жолго коюлбай калган экен. Өлкө башчы да Жалал-Абад облусунда калкты таза суу менен камсыздоого көңүл буруу керек экенин айткан. Өкмөт колдоого алып жатат. Элет жерин суу көйгөйүнөн арылтуу аракети азыр бизде жанданган. Буюрса 3-4 жыл аралыгында сууга муктаж элеттиктердин маселеси чечилет», - деди өкмөттүн өкүлү.

Ошондой эле ал элге кайра иштетүү тармагын жандандыруу багытында жазылган долбоорлорду өз фондунан колдоп берүүгө даяр экендигин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×