Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.02.2019 13:46 На русском

Шамалды-Сайдын тургундары жылуулук берилбей, көмүр аракка сатылып жатканына нааразы. Жетекчинин жообу (видео, сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдө жылуулук жакшы берилбей жатканына жергиликтүү тургундар нааразы болушууда.

Тургундардын айтымында, алар кошумча электр энергиясын пайдаланууга аргасыз.

«Жаңы жылдан кийин жылуулук жакшы берилбей калды. Мисалы, мен үйүмдө неберелерим менен жашайм. Үйүбүз муздак болгондуктан үйдү жылытуу үчүн кошумча электр мештерин иштетүүгө аргасыз болуудабыз. Жылуулук үчүн айына 1 миң сомдон ашык каражат төлөйбүз, ал эми электр энергиясы үчүн 500 сомго жакын акча төлөдүк, мындай ашыкча чыгашанын кимге кереги бар? Учурда ушундай көрүнүштөрдүн айынан жаш балдарыбыз тумоолоп, ооруп калган учурлар болууда», - дейт жергиликтүү тургун Айнагүл Абасканова.

Ушул эле шаарчанын дагы бир тургуну Гүлбарчын Айтгулиеванын айтымында, түнкүсүн от жагууну токтоткон учурлар кадимки көрүнүшкө айланды. Айрым учурда откананын кызматкерлери бир бөтөлкө арак үчүн көмүрдү сатып жиберген учурлар болгону айтылууда.

«Түнкүсүн көп байкайбыз. От жагуу токтоп калып, үйлөрүбүз муздап калууда. Ошондой эле отканага барып арызданалы десек, кулпулануу болуп турган болот. Биздин шаарчада кар жок болгону менен күнү-түнү кара суук болуп турат. Кечээ жакында отказандын имараты жайгашкан жердеги тааныштардын айтымында эки кап көмүрдү бир бөтөлкө аракка алмаштырган учурга күбө болгон. Мындай нерселерди ким көзөмөлгө алат?», - дейт Г.Айтгулиева.

Ал эми Таш-Көмүр шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын башчысы Нурлан Атабаев жергиликтүүлөрдүн айткан пикирлерин негизсиз деп эсептейт. Көмүрдү сатуу мүмкүн эмес. Анткени мындай үлгүдөгү көмүрлөр бир гана отканаларга жагылат.

«Мындан 3 жыл мурун турак жайларды жылытуу үчүн кеткен каражатты үнөмдөө үчүн өкмөттүн токтому чыккан. Ошол токтомдун негизинде электр энергиясы менен алынган жылуулукту, толугу менен көмүр менен жылытууга өткөргөнбүз. Ал эми жашоочулар айтып жаткан бир бөтөлкө аракка эки кап көмүрдү алмаштырды деген пикир чындыкка коошпойт. Анткени, мындай көмүрлөр бир гана отказандар үчүн ылайыкташкан, сатып жибергендиги боюнча маалыматты тактайбыз. Ал эми алдыда бир жуманын аралыгында отказанга видео байкоолор орнотулат жана уурулукка жол берилбейт», - дейт ишкананын башчысы Н.Атабаев.

Шамалды-Сай шаарчасында калкка жылуулук берген эки откана бар, андан 600гө жакын абонент жылуулук алат. Ал эми жогоруда сөз болгон кичи райондун тилкесинде жалпы 6 көп кабаттуу үй бар, анда 200гө жакын үй-бүлө жашайт. Шаарчада жалпы 20га жакын көп кабаттуу үйлөр бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×