Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Жалал-Абад облусуАксы району 07.02.2019 13:07 Жаңыланды: 07.02.2019 17:28

«32 үй-бүлөнү жараштырдым»: Жалгыз бой аялга үй курдурган А.Рахманбердиевдин эл баалаган эмгектери (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Атабеков айыл аймагынын Балта-Казы айылынын 51 жаштагы тургуну Авазбек Рахманбердиев мамлекеттен маяна албастан, өз алдынча калктын социалдык абалы жөнүндө маалымат базасын түздү.

А.Рахманбердиев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал 2015-жылдан бери журнал ачып, айылдагы жашоочулардын, сыртка чыккандардын, каза болгон атуулдардын тизмесине чейин жазып жүрөт. Өз тажрыйбасында 30дан ашуун үй-бүлөнү жараштырган. Бир үй-бүлөгө үч талак айтылып, жолдошу башка аял менен никеге тургандыгына байланыштуу жараштыра албаганы аны өкүндүрөт.

Өзүнүн айтымында, аны айыл эли 2015-жылы айылдык комитеттин төрагасы катары шайлашкан. Ага мамлекеттен эч кандай маяна чегерилбейт. Коомдук иш катары кабылданганына карабастан ал айылда кеңсе ачып, ичин оңдоп-түзөп, эмеректерин сатып келип, өзүнө шарт түзүп алган. Эртең менен эл катары жумушуна көздөй жөнөйт.

Иш бөлмөдөгү электр энергиясына кеткен чыгымды да өз каражатынан төлөйт. 4 жыл мурун айылдыктар үчүн атайын журнал ачып, өз алдынча тактоо ишин баштаган. Анын тактоосуна караганда, мындагы элет 1937-жылы түптөлгөн. Азыркы тапта 170 түтүн эл бар. Калктын саны 942, алардын ичинен 504 жашоочу аялдар, 438 жашоочу эркектер. Жашы жете электердин саны 372 болсо, кары-картаңдар 57ге барат. Андан да 80 жаштан жогоркуларынын тизмесин түзгөн, онго жакын айылдын карылары бар. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жашоочулардын саны 16 адамга жетет. Элеттеги аз камсыз болгон 17 үй-бүлө бар болсо, анда 45 бала тарбияланат. Ата-энеси миграцияда жүргөн 3 бала жакындарынын колунда тарбияланууда. Айыл боюнча 142 адам жумушсуз. Мына ушул сыяктуу бардык маалыматтарды топтоп, өз алдынча журналдарга тиркеп, жаңылап турат.

2015-жылдагы шайлоо мезгилинде мурда көзү өтүп кеткен жарандарга да бюллетендер келе бергендиктен, каза болгондордун да тизмесин түзүүнү колго алган. Журналында кара кагаздар дагы кошо тиркелген.

«Өзүм документ иштерине кызыккандыктан маалыматтарды топтоп жүргөм. Шайлоо мезгилинде менде 540 шайлоочу бар экенине карабастан, 240 шайлоочуга кагаз келди. Арасында тээ бир топ жыл мурда каза болгон адамдар жүрөт. Менин чоң атамдардын фамилиясы дагы жүрөт. Айылда тирүү жүргөн жарандар тизмеге камтылган эмес. Шайлоо комиссиясына кайрылып, арыздарын алып, такташып отуруп, 300дөй адамдын тизмеси кошулду. Ушундан улам каза болгондордун да тизмесин тактоо үчүн журнал ачып алдым. 2015-жылдан бери айылыбызда 11 адам каза болуп, баарынын аты-жөндөрү, кара кагаздары менен тиркеп койдум», - дейт ал.

А.Рахманбердиев айылдагы түгөйлөрдүн урушу анын кеңсе ачуусуна түрткү бергенин айтат. Аны айыл эли айылдык комитеттин төрагасы катары шайлап алышкандан кийин ал жердештерин коомдук иштерге активдүү катышууга чакырык таштай баштаган. Элетте мотор жакшы иштебегендиктен, таза суу чыгарууда кыйынчылык бар болчу. Мындан улам ал ар тарапка кайрылуу менен тетиктер алынып, алмаштырылган. Суу насосторун алмаштырып, тартып келүүгө айылдыктар жапырт киришип, суу чыгарышкан. Кудуктарды тазалашкан. Айыл өкмөт 58 миң сомго суу насосторун алып берсе, кара жумушту айылдыктар өздөрү колго алышкан. Мына ушундай ынтымактуу жол менен суу көйгөйүнөн арылышкан.

Ушул сыяктуу иштерди жасап жүргөн күндөрүнүн биринде айылда көчөдө жубайлар урушуп жатканына күбө болот. Экөөнү чакырып, акыл айтып, элдештирген. Андан кийин дагы экинчи түгөйдү элдештирүүгө чакырышкан. Мындан улам атайын кеңсе керек экенин түшүнүп, айылдагы мекемелердин биринен 2 бөлмөнү алып, ичин оңдогон. Мына ошол кеңсесинен азыр адамдар үзүлбөйт. Анткени ага документ иштери боюнча да кеңеш сурап келгендер көп.

«Менин иш тажрыйбамда аймактагы 32 үй-бүлөнү жараштырдым. Албетте, менин эмгегим дебейм, бирок эки тараптын тең пикирин угуп, эки тарапка тең балдарынын эртеңи боюнча көп мисалдарды келтирдим, алардын акыл-насаатты туура кабыл алгандыгы да үй-бүлөнүн сакталып калуусуна өз таасирин берди. Өзгөчө келиндердин үйүнө чейин барып, куда тараптарды чогултуп алып, сүйлөшкөн учурлар болгон. Ошолордун ичинен бир үй-бүлөнү жараштыра албай койдум. Анткени үч талак айтылып калыптыр. Күйөө тараптагылар үч талак айтылып калганын, аны башкага никелеп коюшкандыгын, ал үчүн келин да башкага турмушка чыгып, ажырашышы керектигин айтышты. Ушундай түшүнүктөн улам ал бүлөнү сактоого мүмкүн болгон жок», - деди ал.

Үч баланын атасы, 6 неберенин чоң ата, таятасы болгон А.Рахманбердиев аймактык тескөөчү менен да тыгыз иштешет. Элетте көйгөй болсо дароо айтып турат. Бир мезгилде айылда тоок, каз уурдагандар болсо, азыр уурулук жоюлган. Анын демилгеси менен былтыр жесир аялга 3 бөлмөлүү үйдү элеттиктер тургузуп беришкен.

«Айылда 3 кызы менен жалгыз бой жашаган эне бар. 15 жылдан бери Россияга кетип, үйү бош калган адамдардын үйүндө баш калкалайт. Былтыр ошол келиндин кызы мага кайрылып: «Жашап жаткан үйдүн ээси келди, уулун үйлөнтөт экен. Үйдөн чыккыла дешкен жок, ошентсе да ыңгайсыз болуп жатабыз. Жардам бериңиздерчи» деп көйгөйүн айтышты. Анан айылдагы активисттерди чакырып, 18 жоро башчы менен кеңештик. Баары бул аялга үй куруп берүүнү колго алышты. Бири цементин, бири шагылын алып берди. Ошентип отуруп жаңы жылдын алдында ички оңдоп-түзөөсүнө чейин бүтүрүп, ал үй-бүлөнү үйүнө киргиздик. Бул айыл элибиздин ынтымагынан кабар берет», - дейт айылдык комитеттин төрагасы.

Авазбек Рахманбердиев топтогон маалыматтарын Сузак райондук социалдык коргоо башкармалыгынын адистери маалымат тактайчага илүүгө, топтолгон маалыматтын айрымдарын кыргызчалап, пайызын чыгарып берүүгө көмөктөшкөн. Анын тактикасын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов, өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков көрүп, аким-мэрлерге да ушундай маалымат база түзүү боюнча мисал катарында көрсөтүлгөн болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×