Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Жалал-Абад облусуАксы району 07.02.2019 11:29

Сот Жерге-Тал айыл өкмөт башчысынын кылмыш ишин токтотуп, төраганы айыпка жыкты

Аксыйский район
Аксыйский район
// Turmush

Turmush -  Аксы райондук соту Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысынын кылмыш ишин токтотуп, айылдык кеңештин төрагасына 100 миң сом айып пул салды.

Маалым болгондой, Аксы райондук сотунун чечимине нааразы болгон төрага Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Бул маалыматты Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан тастыктап, бул ишке сот тарабынан чекит коюларын билдиришти.

Буга чейин Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Т.га карата жерди мыйзамсыз бергендиги үчүн кылмыш иши козголгону маалымдалган. Убагында айыл өкмөт башчысы таш майдалоочу цех курууга жер берген. Бирок жергиликтүү тургундар жер мыйзамсыз берилгенин айтып, Аксы райондук прокуратурасына кайрылган.

Бул боюнча райондук прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, жер мыйзамсыз берилгени аныкталган. Андан кийин материалдар соттун кароосуна жиберилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×