Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 07.02.2019 10:53

Тогуз-Тородогу кар көчкүдөн жеңил жана жүк ташыган унаалар, 9 жүргүнчү өтө албай калган

Turmush -  Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районундагы КазарманАктал-Чат унаа жолунун 43-45-чакырымдарында 6-февралда көлөмү болжол менен 9 миң метр куб кар көчкү түштү. Анын кесепетинен 1 жеңил унаа жана 2 жүк ташуучу унаа, жалпы 9 жүргүнчүсү менен өтө албай калышкан. Адамдар жабыркаган жок, деп маалымдайт ӨКМ.

Көчкү түшкөн жерге ӨКМдин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнөн 4 куткаруучу, 3 кызматкер жана 1 бульдозер жөнөтүлгөн. Куткаруучулардын жана техниканын жардамы менен саат 17:15те унаа жол бир тараптуу ачылып, өтө албай калган унаалар өз багыты боюнча сапар алышкан. Бүгүн, 7-февралда унаа жолду кеңейтүү иш-чаралары жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×