Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 06.02.2019 16:28 На русском

Базар-Коргондо бензинге өрт койгон 21 жаштагы жигит 85% күйүп, каза болду. Эки окуучу ооруканада (сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагынын Чарбак айылында өрт кырсыгынан улам 3 адам жабыркап, алардын бири ооруканада каза болду.

Маалым болгондой, кырсык 5-февраль күнү саат 15:00 чамасында Б.Зафарбек аттуу тургундун үйүнүн короосунда катталган. Ал короодогу контейнердин ичиндеги темир челектен бензин алып, унаага куюуга даярдап жаткан учурда 21 жаштагы кошунасы М.Изатбек от жандырып жиберип, өрт чыгып кеткен.

Өрт кырсыгынын кесепетинен 3 адам жабыркаган.

- 1997-жылы туулган М.Изатбек денесинен 85% күйүк алып, ооруканада каза болгон;

- 2005-жылы туулган Б.Изат денесинен 2-3-даражадагы күйүк алып, ооруканада жатат;

- 2004-жылы туулган Н.Зафарбек денесинен 3-даражадагы күйүк алып, ооруканада жатат.

Базар-Коргон райондук ооруканасынан 5-февралда саат 17:00 чамасында өрттөн жабыркаган 3 адам күйүк жаракаттары менен ооруканага түшкөнүн тастыкташты. Алардын бири — М.Изатбек 6-февраль күнү таңкы саат 04:00 чамасында алган жаракатынан улам каза болгон. Бүгүн ал акыркы сапарга узатылды. Ал эми эки жабырлануучунун абалы туруктуу.

Базар-Коргон райондук ооруканадан маалым болгондой, каза болгон М.Изатбек психалык жактан жабыркагандыктан 1-топтогу майып катары каттоодо турган.

Кийинчерээк ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, 5-февралда саат 15:00 чамасында контейнердин ичинен күйүүчү май (бензин) алып жатышканда этиятсыздыктан өрт чыгып кеткен. Өрт чыккан мезгилде өрт-куткаруу кызматына кабар берилген эмес. Маалымат Базар-Коргон райондук ооруканасынан келип түшкөн. Учурда ӨКМдин Базар-Коргон району боюнча бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан окуяга байланыштуу иликтөө иштери улантылууда.

2018-жыл ичинде облус аймагында 642 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык зыян 53 млн 398 миң 946 сомду түзгөн. Өрттөн 6 жаран, анын ичинде 1 жаш бала каза болгон. Мындан тышкары жаш балдардын от менен ойногонунун кесепетинен 84 өрт катталып, келтирилген зыян 3 млн 411 миң 144 сомду түзгөн.

Такталган маалыматтарга караганда, жабыркаган Н.Зафар Чарбак айылындагы №17 мектептин 9-классынын окуучусу болсо, Б.Иззатбек №16 орто мектептин 8-классынын окуучусу болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×