Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Жалал-Абад облусуАксы району 06.02.2019 13:24 Жаңыланды: 06.02.2019 14:25 На русском

Видео — Аксыдагы өлүм менен коштолгон көк бөрү

Turmush -  Аксы районунун Боспиек айылында 4-февралда өткөн көк бөрү боюнча мелдеште 2 ат өлүп, 2 жигит ооруканага түшкөн. Учурда жабыркаган 2 жигиттин абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Аксы райондук администрациясынын кызматкери Мирлан Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, көк бөрүдө карама-каршы багыттагы 3 ат сүзүшкөн.

«2 ат ошол эле жерден жан берген. Бактыга жараша оюнчулар аман калышты. Учурда алардын абалы жакшы, ооруканада дарыланууда», - деди ал.

Оюнга күбө болгондордун айтымында, улакты алып бара жаткан оюнчуга каршы багыт менен эки атчан чыга калган. Кагылышуудан кийин 2 ат ошол жерден көз жумуп, 2 жигит ооруканага жеткирилген.

Аксы аймактык ооруканасынан алынган маалыматка караганда, жабыркаган жигиттин биринин кабыргасына катуу сокку болгон. Экинчисинин колу-буту сынган.

«Учурда алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы жакшы», - деп билдиришти ооруканадан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×