Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Жалал-Абад облусуНоокен району 06.02.2019 11:19

Ноокендин тургундары акимге тийиштүү мал союлуучу жайдан жагымсыз жыт чыкканына нааразы. Аким өзү эмне дейт? (видео, сүрөт)

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айыл өкмөтүндө жайгашкан мал союлуучу жайдан жагымсыз жыт чыгып жатканына жергиликтүү тургундар нааразы болууда.

Алардын айтымында, бул мал союлуучу жай райондун акимине тиешелүү.

«Биз ушул мал союлуучу цехке жакын жерде жашайбыз, азырынча күн суук болуп, бул жактан чыккан жыт анчейин билинбейт. Ал эми күн бир аз жылыган учурда дем алууга мүмкүн болбой калат. Кушканадан чыккан таштандыга айылдагы иттер келип топтолуп калгандыктан, балдарды көчөгө чыгаруудан дагы сестенип турабыз. Ушул күнгө чейин айыл эли арыз жазып, ушул жерди жаптыра албай койдук. Жагымсыз жыттын айынан жакында эле кошунабыз үйүн сатып кетип калды. Ачыгын айтканда бул жерде жашоого мүмкүн болбой калды», - дейт жергиликтүү тургун Дилафруз Насимова.

Бүргөндү айылынын тургуну Тургунбек Маканбаевдин айтымында, Ноокен районунун азыркы акими Эркинбек Маматаев 2016-жылы Бүргөндү айыл өкмөтүн башкарып турган учурда өзү кушкананын жанына өлгөн жандыктарды көмүүчү жер курдурганын билдирген.

«Мал союлган жердин жанында иттердин өлүгүн таштаган чуңкурча бар. Жыл сайын 150-200гө жакын итти атып келип, ошол жерге таштап кетишет же аны дарылаган адам жок. Биз жашоочулар ошол жерден чыккан жытка чыдай албай калдык, көчөдөн өтүп баратып да оозу-мурдубузду жаап өтүүгө аргасыз болобуз. Өткөн жылы айыл өкмөттүн токтому чыгып, ээн талаадан 30 сотых жер берилип, эми ошол жакка көчөт деп айтылган болчу. Арадан бир жыл өтсө дагы эч кайда көчкөн жок», - деди айыл тургуну Т.Маканбаев.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, мал союлуучу жай Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаевге тиешелүү. Ал эми райондун акими дагы бул жай ага таандык экенин четке каккан жок.

Акимдин айтымында, эки жылдан бери өзүнө тиешелүү болгон кушкананы бир тууган иниси иштетип жатат. Бирок цех ишин токтоткону менен маселе толук чечилбейт деген ойдо.

«Айыл элинин айткан сөздөрүн жалган деп тана албайм. Ооба, жагымсыз жыт чыгышы мүмкүн, бирок ал жыт кушканадан эмес, анын жанындагы беккари чуңкурунан чыгып жаткандыгы анык. Анткени жыл сайын эки жолу жолбун иттерди жок кылуу иш-аракеттери жүрүп, 150-200гө жакын иттин өлүктөрү ошол чуңкурга ташталат, жагымсыз жыт ошол жерден чыгышы толук мүмкүн. Учурда мал союлчу жер менин бир тууган иниме таандык, аны 2006-жылы куруп, иштете баштаганбыз. Буга чейин айылда СССР учурунда курулуп, колдонулган чуңкур бар болчу. Кийинчерээк ал айыл өкмөттүн муниципалдык жери болуп ижарага берилген. Андан кийин ал жерге кыш чыгаруучу завод курулган эле. 2016-жылы айыл өкмөт башчы болуп иштеп жатканда атайын айыл эли менен биргеликте макулдашып, өлгөн жандыктарды көмүүчү аң каздырганбыз. Эгер элдин талабы кушкананы жабуу болсо, ал жердин ишин токтотууга даярбыз», - дейт аким Э.Маматаев.

Ал эми Мамлекеттик экотехинспекциянын Ноокен райондук бөлүмүнөн билдиришкендей, өлгөн жандыктарды көмүүчү жер калктуу конуштан 3 чакырым алыс аралыкта болууга тийиш.

«Бүргөндүдөгү мал союлуучу жай боюнча эч ким бизге маалымат берген эмес, тактап айтканда тизмеге да киргизилген эмес. Ушул күнгө чейин бул объект боюнча эч кандай арыз да түшкөн эмес. Эгер бизге адамдар текшерип бергиле деп арыз жазышса, биз текшерүүгө алабыз. Ошол учурда гана кимге тиешелүү болсо ээси келип, документтерин тактап, базага киргизген соң кийинки кварталга киргизип, текшерүү жүргүзөбүз. Негизи эреже боюнча мындай объектилер калктуу конуштан 3 чакырым алыс аралыкта болуусу шарт», - деди Мамэкотехинспекциянын райондук бөлүмүнүн өкүлү Акылбек Шамев.

2018-жылдын жай айларында Сузак районунда ЕАБдын талаптарына ылайык курулуп, колдонууга берилген мал союлуучу жайдан чыккан жагымсыз жытка жергиликтүү жашоочулар нааразы болуп чыгышкан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×