Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 06.02.2019 09:52 На русском

Бишкек—Ош жолунда 34 тонна солярка жүктөгөн унаа оодарылып кетти (сүрөт)

Turmush -  Бишкек—Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетти. Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, окуя 5-февралда саат 15:30 чамасында унаа жолдун 424-чакырымында болгон.

Баткен районундагы Чет-Булак айылынын 1977-жылы туулган тургуну К.Ф. «ДАФ» үлгүсүндөгү унаанын башкаруусун жоготуп, бурулуштан капталынан кулап калган. Ошол учурда унаада 34 тонна 610 литр солярка бар болчу. Аны Кара-Балтадан Жалал-Абадды көздөй ташып бара жаткан.

Айдоочу жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×